Спорт зал ачылды


img_fon

Баткен районунун Кара-Токой айылында жаңы спорт залынын ачылышы болду.

Спорт залынын ачылыш аземине жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мектеп окуучулары, ошондой эле жергиликтүү тургундар катышып, анда мыкты спортчулар тарбияланып, райондук, областтык деңгээлде өткөрүлүүчү мелдештерде алдыңкы орундарды камсыз кылышын каалап кетишти.

«Буга чейин айыл жаштары тоо-таштарда, көчөлөрдө машыгып келишкен болсо, эми жаан-чачын учурунда да бул спорт залында машыгууга мүмкүнчүлүк болду», — дешет тургундар.

Бул спорт залынын курулушуна жалпысынан 1 млн сомдон ашык акча каражаты мамлекет тарабынан жана демөөрчүлөрдүн эсебинен каржыланды. Ал жерде машыгуу залы, гимнастика залы жана күрөш залы бар.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


4 − один =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>