Студенттер күнүндө


img_fon

Кызыл-Кыя шаарында студенттердин күнү кеңири чөйрөдө белгиленди. Шаардык эс алуу багында өткөн бул майрамга 2000ден ашык студенттер катышып, анда шаардын вице-мэри Эрмекбай Топчубаев, шаардык кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыков, Кызыл-Кыя гуманитардык-педагогикалык институтунун директору Миталип Таиров куттуктап сөз сүйлөштү.
Алар 20дан ашык студенттерге “Ардак грамоталарды” тапшырышты.
Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Талила Кулматова, кыргыз тили майрамынын бир айлыгынын жеңүүчүлөрүн атап аларга белектерди тапшырды.
Баш байгени шаардагы медицина колледжди, экинчи орунду КГПИ, үчүнчү байгелүү орунду Тоо-кен колледжи ээ болгонун белгиледи.
Беш окуу жайы атайын сыйлыктарга ээ болушту жана акчалай сыйлыктарга татыды.
Андан соң атайын концерт берилди. Жыйындын соңунда студенттер үчүн дискотека уюштурулду.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


× восемь = 72

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>