Сүлүктүнүн өнүгүүсү үчүн: муниципалитет менен жергиликтүү тоо-кен казуучу компаниялардын диалогу


img_fon

img_fonСүлүктү шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тоо-кен казуучу компаниялар кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул – Кыргызстандын тарыхында муниципалитет инвесторлор менен чыныгы өнөктөштүктү орнотууга эстүү кадамдарды жасаганын көрсөткөн азырынча азганактай мисалдардын бири. Мында “сунган кол” турумунан өз ара пайдалуу кызматташтык турумуна өтүүдө.

Сүлүктүнүн көмүрү – аймактагы эң калориялуу – кошуна өлкөлөрдө абдан бааланат. Өлкөдөгү эң көп көмүр запасы ушул жерде жатат. Көмүрдү ондон ашык компания казып алганы менен, Кыргызстандын көмүр борборун өнүгүп-гүлдөгөн шаар деп айтууга ооз барбайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары казуучу компаниялар менен тыгыз кызматташуу аркылуу Сүлүктүнү гүлдөгөн, жайлуу, заманбап шаарга айландыруу үчүн күрөшөйүн деп чечишти.

Көмүр компаниялары жергиликтүү бюджетке жакшы эле салык төгүшөт, салыктар болжол менен 32 миллион сомду түзөт. Анткен менен мэриянын эсебинде, төгүмдөр мындан да көп болмок. Өз кезегинде компаниялар калкка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын катышуусуз эле түз колдоо көрсөтүүгө ыкташат. Бирок акыркы учурларда эки тарап тең бир нерсени түшүнө баштады: жергиликтүү өз алдынча башкаруу шаардын абалын жакшыртууда алдыңкы ролду ойнош керек. Мына ушуну шаардык кеңештен жана мэриядан мыйзамдар да талап кылат.

Антсе да инвестор менен өнөктөштүктү орнотуу жана сүйлөшүүлөрдү натыйжалуу жүргүзүү баамдап жасалган аракеттерди, саясий эркти, менеджмент шыгын талап кылат. Ал эми бул сапаттар Кыргызстандагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын көбүнө жетишпей турат. Жакынкы убакытка чейин каржылык колдоо үчүн инвесторлорго кезекке туруп келишкен. Бирок ошол каражатты шаардын казынасына төгүп, шаардыктар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргелешип артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү туура болмок.

Сүлүктүнүн кеңеши жана мэриясы алар үчүн жаңы болгон жолго кадам таштагандан коркушкан жок. Шаардын көйгөйлөрүн чечип, жашоо шартты жакшыртып, Сүлүктүнүн өнүгүүсүнө жетүү үчүн шаардык кеңештин төрагасы Каныбек ИСМАИЛОВ менен мэр Абдузакир ИБРАИМОВ инвесторлор менен тиреш өңдүү эски практикадан баш тартууну чечишти. Бул үчүн алар беш ири тоо-кен казуучу компаниялардын жетекчилери меен кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту: “Кызыл-Булак” ЖЧК, “Т.Марипов” ЖЧК, “Т.Ибрагимов” ЖЧК, “Кара Алтын Кен” ЖЧК жана “Нур” ЖЧК.

Шаар башчысынын айтымында, бул меморандум шаардын туура нукта өнүгүүсү үчүн кошумча дем берип, шаардык бюджетти толуктайт, ошондой эле салык төлөгөн жана өз шаары үчүн күйгөн инвесторлор үчүн калканч болуп берет. Мэрдин баамында, эң негизгиси – муниципалитеттин көйгөйлөрүн көрүү, аларды өз алдынча башкаруу, бардык маселелерди чогуу конструктивдүү чечүү. Ушул тапта иш-чаранын планын иштеп чыгуунун үстүнөн активдүү иштер жүрүп жатат, ал болсо меморандумду реалдуу мазмун менен толтурмакчы. Бирок алгачкы кадам жасалды жана ал Сүлүктүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруусу тоо-кен казуучу сектор менен жалпысынан бизнес ортосундагы өнөктөштүктүн чөйрөсүндө Кыргызстандын башка муниципалитеттери үчүн мисал болуп берет деген үмүттү жандырат.

Маалымат үчүн:Сүлүктү – Баткен облусунун түштүк-батышында, Сүлүктү-Сай суусунун капчыгайында жайгашкан облустук маанидеги шаар. Шаардын 1868-жылы пайда болушу падышалык Орусия мезгилинде эле көмүр казып алуу менен байланыштуу болгон. Сүлүктүнүн маалымат китептерине таянсак, бул шаар Орто Азиядагы көмүр казып алуучу эң ири борборлордун бири болуп эсептелет. Анын аймагында көмүрдөн тышкары гипс, ылай, чакмак таш жана акиташ да чыгат. Сүлүктү шаарынын районундагы көмүр чыкчу жерде 10 компания иш алып барат, дагы 6 компания чалгындоо иштерин жүргүзүүдө жана жакынкы учурда алар да көмүрдү казууга киришет. Жалпысынан жылына 200 млн. тонна көмүр казып алынат. Салыштыруу үчүн айта турган болсок, республикадагы бардык ТЭЦ үчүн жылына 1 миллион тонна көмүр зарыл. Ал эми болжолдуу, изилдене элек көмүр запастары 300 млн. тоннага жетет. Бул болсо бир гана шаардагы запастар Кыргызстандын бардык көмүр казып алуусунан 30 пайызды түзөт дегенди түшүндүрөт. Эгерде казып алынган көмүрдүн сапаты тууралуу айта турган болсок, ал калориялуулугу боюнча Орто Азияда биринчи орунда турат. Ошондуктан кошуна республикалар бекеринен эле ондогон тонна көмүрдү жогорку баа менен сатып алып жатпаса керек.

Нүргүл Жаманкулова

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

2 comments on “Сүлүктүнүн өнүгүүсү үчүн: муниципалитет менен жергиликтүү тоо-кен казуучу компаниялардын диалогу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


пять − 1 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>