Суу ресурстарын үнөмдөйлү, төңкөрүшсүз өнүгүүгө тийишпиз (фото)


img_fon

Бүгүнкү күндө элдин өкмөткө, бийликке болгон ишеними азайды. Анын бир себеби, электр энергиясынын баасынын көтөрүлгөнү. Эртенки күнү бажы биримдигине киргенден кийин абалыбыз эмне болот, бул нерсенин оң жана терс жактарын ойлонуп, айрым маселелерди алдын алуубуз шарт эле. Электр энергиясынын баасынын жогорулашы төңкөрүштөрдү жаратып, президенттердин алмашуусуна чейин алып келди. Элдин ишенбөөчүлүгүнөн экономикалык зыяндарды тарттык. Кыргызстандын турмушун артка тарткан төңкөрүштөрдөн алыс болуп, алдыга койгон максаттарды акыл-эс менен калчап, өнүгүүнү тынчтык жол менен улантуу шарт.
 


 
Сүрөт: автордуку

 
Агрардык өлкөдө агрардык саясат болуу керек эле. Өлкөдө өндүрүш жок. Бажы биримдигине киргенде кыйналбай каларыбыз айдан ачык. Ошондуктан айыл чарбасына көбүрөөк көңүл буруп, аны көтөрүүнү ойлонушубуз керек.
Биринчиден, дыйкандарга туура багыт берүү менен жер иштетүүсүнө жол көрсөтүү маселеси турат. Мамлекет тарабынан кооперативдер түзүлүп, өндүрүлгөн азыктар Россия, Белоруссия, Казакстан сыяктуу өлкөлөргө экспорттолсо болмок. 3-4 жылдан бери дыйкандарга 8-9%га кредит бериле баштады. Бирок, кредит бербестен акчаны топтоп туруп, дыйкандардан өндүрүш продукцияларын сатып алып, аны кайра сатышса бир топ пайда алып келмек. Айыл чарбадан көтөрүлүүнүн жол-жоболорун билбей жатабыз. Дыйкандарга жана фермерлерге шарт түзүүнү бийликтегилер эске албоодо. Агрардык өлкө болгондон кийин биринчи ушул сыяктуу иштер колго алынса, экономикалык алдыга жылуу кадамын арыштамак. Бизде агрардык саясат жок.

Суу- биздин байлыгыбыз

Суу ресурстарын туура пайдалануу менен экономикалык жылыштарды жасоого болот. 2011-жылы Токтогул суу сактагычында 17.5 млд. суу сакталган. Эгерде сарамжалдуулук менен иштеткенде мындай акыбалга түшпөй, кошуналардан электр энергиясын сатып алмак эмеспиз. Биз суунун мекенинде жашап туруп, аны үнөмдүүлүк менен пайдаланып, кайра аларды көз каранды кылууга болот эле. Жаз, жай мезгилинде кошуна өлкөлөрдүн сууга болгон муктаждыгы башталат. Ушул учурда суу департаменти менен энергетика министирлигинин биргеликтеги көзөмөлү жетишсиз. Дагы бар нерсе суу комитетине башка суулар карап. “Токтогул “ суу сактагычынын карабагандыгы, суу департаменти менен энергетика министирлиги чогуу иш алып барганда гана суу ресурсубуз өлкөнүн экономикасын алдыга тартмак. Кара-Көлдө балык уулаган адамдар суунун көтөрүлүп, түшүү деңгээлин байкашып, түнү ачып эртең менен жаап коюшкандыгы тууралуу божомолдорду айтышкан. Ушул сыяктуу нерселер текшерилип, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу керек.
Статистикалык маалыматтарды жыйноо менен гана чектелип отурган айыл чарба министирлигин жок кылып, суу чарбасын көтөрүү керек деген ойдомун.

Зиядин ЖАМАЛДИНОВ. Жогорку Кеңештин экс-депутаты. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын мүчөсү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


шесть × 4 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>