“Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 23-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам кылмыштуулуктун алдын алуу, бөгөт коюу жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды.

Аталган максаттарда Мыйзам менен коомчулукка жеткиликтүү болгон ачык жайлар (аянттар, базарлар, сейил бактар, гүлбакчалар, автожолдор жана башка), өнөр жайлык жана башка өндүрүштүк иш же башка ишкердик жүзөгө ашырылган имараттарды, курулуштарды, ошондой эле автоунаалар токтотулуучу жайларды, кооперативдик гараждарды сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдуу ченеми киргизилет.

Мыйзам Бишкек жана Ош шаарларынын аймактарында сырткы видеобайкоо тутуму менен жабдыла турган объектерди иштеткен юридикалык жана жеке жактарга жайылтылат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


4 × девять =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>