Таэквондо боюнча ачык чемпионат


img_fon

Кызыл-Кыя шаарында түштүк аймактагы спортчулар арасында таэквондо боюнча ачык чемпионат болуп өттү. Ага Ош, Баткен, Кызыл-Кыя, Бишкек шаарларынан, Араван жана башка райондордон келген 190дон ашык спортчу катышты.
Баткен облусундагы лицейлер арасында жеңүүчү болгон Кызыл-Кыянын командасын Кындо Ли Джон даярдаган.
Мелдештин жыйынтыгында, Оштон келген спортчулар жеңишке жетишти. Экинчи орунга Баткен облусунун спортчулары жана үчүнчү орунга Бишкек шаарынын спортчулары ээ болушту.
Жеңүүчүлөр дипломдор, баалуу белектер менен сыйланышты.
Ош шаары жана Ош облусунун спортчуларынын машыктыруучусу Келдибек Жаныбековдун айтуусунда бул жылы республикада таэквандо союзун түзүшкөн. Анын формасы тигилип, эмблемасы да даяр.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ два = 3

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>