КЫРСЫК

Ош менен Баткенде бүгүн жер силкинди

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жетип, Ош жана Баткен облустарында сезилген.

Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 26-октябрь күнү, саат 9:10до болгон жер силкинүүнүн күчү очогунда 4,5 баллга жеткен.

Ошто жер титиреди

Жер титирөө Ош облусунун Чоң Алай районунун Кара-Тейит, Карамык, Шибээ айылдарында үч баллга чейин сезилген. Ал эми Баткен облусунун Баткен районунун Тескей, Тунук-Суу, Кан, Сары-Талаа, Жоо-Пая, Кыштут айылдарында 2,5 баллга жеткен.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Sputnik

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген