СПОРТ

Таластан татыктуу кайтышты

Талас шаарында, Талас шаардык мэриясынын кубогу үчүн грек-рим күрөшү болуп өтүп, ага Кызыл-Кыя шаарынан 8 балбан барып катышып келишти. 50 кг. салмактагылар арасында Төрөбай уулу Ибрагим үчүнчү орунду багындырса, андан жогорку салмактагы күрөштө Арген Дастанов да ушундай эле көрсөткүчкө ээ болгон.
Төрөбай уулу Ибрагим 54 кг. салмактагы атаандаштарга бел байлап чыгып, бул салмакта биринчи орунду алууга жетишкен.
Ошентип Төрөбай уулу Ибрагим Кыргызстандын курама командасынын катарынан орун алып, 17-февралда Москва шаарына жолдомо алып, учуп кетти.
Бар бол Кызыл-Кыянын кураан жигити, сага ак жол!

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу