КЫЛМЫШ

Жоопко тартылды

Кызыл-Кыя шаарынын Некрасов көчөсүнүн № 102 үйүнүн тургуну Атхамжон Абдуллаевдин үстүнөн, 2014-жылдын 26-марттан 27-мартка карай өткөн түнү түнкү саат 00.10дор чамасында, И. Жусубалиев көчөсүнүн № 130-18 үйүнүн тургуну Шахноза Абдуллаевадан телефон аркылуу кайрылуу түшкөн. Анда А. Абдуллаев өз үйүндө спирт ичимдигин ичип, үй бүлөгө тынчтык бербей тополоң кылып жаткандыгы айтылат.
Тергөө оперативдик топ айтылган дарекке барганда, А. Абдуллаев милиция кызматкерлерине баш бербей, өзүн кармай албай албууттанат. Калыстардын катышуусу менен аны тинткен учурда кара түстөгү сол ботинкасынын патегинин астынан ак салафан пакеттеги оролгон ак түстөгү порошок сымал өзгөчө жыты бар, болжол менен 1.2 граммдай болгон героин заты табылат.
Бул фактынын негизинде химиялык экспертиза жүргүзүлүп, тинтүү жүргүзгөн учурда андан сырткары 1.19 грамм героин дагы табылат.
А. Абдуллаевге КРнын КЖК сынын 246-ст. 2-б,3-б, көрсөтүлгөн кылмышты жасаган, кылмыштын квалификациялоочу белгилери аныкталгандыктан, ага бангилик каражаттарды ийри өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана ташуу күнөөлөрү коюлган.
Бул эргул буга чейин да 3 жолу соттолгонуна карабастан, кайрадан кылмыш ишин жасагандыгы үчүн эркинен ажыратылып, кезектеги жазасын түрмө артында өтөө үчүн соттолуп олтурат.

М. АШИМОВ, Кызыл-Кыя шаардык прокурорунун милдетин аткаруучу.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу