СПОРТ

Спорттогу ийгиликтери

Областтын борбору болгон Баткен шаарына, Кыргызстандын бардык аймактарынан келип катышкан жаштар арасындагы футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Бул мелдешке Кызыл-Кыя шаарынын курама командасы катышып 3чү орунду ээледи.
Ал эми Кызыл-Кыя шаарында жалпыга билим берүү мекемеси тарабынан уюштурулган мектептер арасындагы баскетбол боюнча спартакиа да болуп өтүп, уландар арасынан биринчи орунду шаардагы № 7- орто мектептин окуучулары, 2-орунду Кыргыз-түрк лицейи, 3- орунду № 11-орто мектептин окуучулары ээлешти.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу