Түшүм мол болду


img_fon

Лейлек району менен Баткен району чектешкен аймакта жайгашкан Көтөрмө айылынын жашоочусу Каныбек Ураимовдун алма бактары айылдагылардыкына салыштырмалуу 2-3 эсеге көп түшүм берет.

Ал алманын «голден», «крепсон» жана «айгүл» сортторун өстүрүп, быйыл 20 тонна түшүм алуусу күтүлүүдө. Багбан К.Ураимов жана жубайы Чолпонай Ураимованын айтымында, алар жаздан баштап эле алма бактарынын түбүн жумшартып, керектүү минералдык азыктарды берип турушат. Ошондуктан түшүмү мол болот.

«Мөмөлөрү жетилген сайын алма бактарынын шактары сынып кетүүдө. Андыктан алма бактардын жоон шактарына тактайлардан тирөөчтөрдү койдук», — дейт багбан.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


2 + = восемь

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>