Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган КМШ мамлекет башчыларынын бейформалдуу жолугушуусу (фото)


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 8-майында, Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын бейформалдуу жолугушуусуна катышты.
Смотреть фоторепортаж →
Жыйынды ачып жатып Россиянын Президенти Владимир Путин КМШнын бардык мамлекет башчыларына бейформалдуу жолугушууга катышып жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Шериктештиктин элдерине Улуу Жеңиштин мааниси зор экенин баса белгилеп кетти.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө Президент Владимир Путинге чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган Шериктештиктин башчыларынын бейформалдуу жолугушуусун өткөрүүнүн маанисин баса белгиледи. “9-май Шериктештик мамлекеттеринин элдеринин эсинде түбөлүккө калчу майрам”, — деп белгилеп, Мамлекет башчысы өткөндү унуткан келечегин жоготот деп баса белгиледи.

Сөзүнүн аягында Президент Алмазбек Атамбаев Президенттер Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримовду кайра шайланышы менен куттуктап, ошондой эле бардык катышуучуларды келе жаткан Жеңиш майрамы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улуу Ата Мекендик согуш совет элинин зор эрдиги катары эсте сактоо кубаттуу бириктирүүчү күчкө ээ деп Шериктеш мамлекеттердин Башчылары тарабынан бир нече жолу белгиленди. Жалпы Жеңишти тарыхый мурас катары сактоо Шериктештиктин бардык элдеринин артыкчылыктуу милдети болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


2 × = четырнадцать

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>