Уюлдук шылуундар колго түштү (фото)


img_fon

img_fonАкыркы кезде телефон аркылуу шылуундук кылгандар жөнүндө эл ичиндеги күбүр-шыбыр кептер көбүрөөк айтыла баштаганы көпчүлүктү түйшүккө салып, чын-төгүнүн биле албай орто заар ойго салса, айрымдары алардын торуна чалынып, бир топ чыгымдарга туштуккандары да жок эмес.
Жакында Кызыл-Кыя шаарындагы шаардык прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан мына ушундай уюлдук телефон шылуундарын таап, алардын аты-жөнүн тактап алардын жүзүн эл алдында ачыкташты.
 


Сүрөттө: Азатбек САТИНБАЕВ, Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун орун басары. Сүрөт автордуку

 
Алардын бири Абдиваитов Мухаметали Назарович. Ал алдын ала тергөө мезгилинде өздүгү аныкталбаган кылмыштуу шериги менен бирге, 2015-жылдын 18-январь күнү саат 10-30дар чамаларында бирөөнүн мүлкүнө алдамчылык жолу менен ээ болуу максатта, Кызыл-Кыя шаарынын Гагарин көчөсүнүн № 40-үйүнүн жашоочусу, жабырлануучу Камалова Саламаттын уюлдук телефонуна коңгуроо кылып, анын ишеничине кыянаттык кылуу жолу менен кирип, жабырлануучу С. Камаловага «мен неберениз Имаралимин, мен Бишкек шаарында автоунам менен бир жаш кызды койдуруп кеттим, ал кыз каза болуп калды. Ошону бүтүргөнгө акча керек»- деп, 50 000 сом накталай акчасын, базар баасы 20 000 сомдук Ноотбугун, 4 даана алтын шакегин, 2 даана алтын цепочкасына ээ болушкан.
Натыйжада Камалова Саламатка 205 000 сомдон кыйла ашыкча өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Ошентип, Абдивапов Мухаметали Назарович, өзүнүн кылмыш аракети менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-ст. 2-б. 1,2,3-п. 4-б 4-п., көрсөтүлгөн кылмыш ишти жасаган.
Абдиваитов Мухаметали Назарович ушуну менен чектелбестен кайрадан кылмыш жолуна түшкөн, тактап айтканда 2015-жылдын 21-январь күнү саат 14-30дар чамаларында бирөөнүн мүлкүнө алдамчылык жолу менен ээ болуу максатта, Кызыл-Кыя шаарынын Киров көчөсүнүн № 54-үйүнүн жашоочусу, жабырлануучу Тешебаева Ражапттин уюлдук телефонуна коңгуроо чалып, анын ишеничине кирип, жабырлануучу Р. Тешебаевага «мен Атабекмин, мен автоунам менен 6 жашар кызды койдуруп кеттим, ошону бүтүргөнгө акча керек» деп, 100 000 сом накталай акчасына ээ болушкан.
Натыйжада Тешебаева Ражапка 100 000 сомдон кыйла чоң өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Ошентип, Абдивапов Мухаметали Назарович, өзүнүн кылмыш аракети менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-ст. 2-б. 1,2,3-п. 4-б 4-п., көрсөтүлгөн кылмыш ишти жасаган.
Абдиваитов Мухаметали Назарович ушуну менен эле токтоп калбастан алдамчылык жолун улантып, 2015-жылдын 26-январь күнү саат 12-30дар чамаларында, Кызыл-Кыя шаарынын № 15 кичи районунун № 140-үйүнүн жашоочусу, жабырлануучу Эрдавлетова Буселдин уюлдук телефонуна коңгуроо чалып, Б. Эрдавлетовага «мен кайниниз Баатырмын, мен Москвада бирөөнү өлтүрүп койдум ошону бүтүргөнгө акча керек» деп, 100 000 сом накталай акчасына ээ болушкан.
Натыйжада Эрдавлетова Буселге 100 000 сомдон ашык өлчөмдөгү материалдык зыян келтирилген.
Ошентип, Абдивапов Мухаметали Назарович, өзүнүн кылмыш аракети менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 166-ст. 2-б. 1,2,3-п. 4-б 4-п., көрсөтүлгөн кылмыш ишти жасаган.
Алдамчылыктын даамын татып калган Абдиваитов Мухаметали Назарович ушуну менен чектелбестен кылмыштуу шериги Кадыров Кубат менен бирге, 2015-жылдын 1-февраль күнү саат 15-00дөр чамаларында Кызыл-Кыя шаарынын Советская көчөсүнүн № 5-2 үйүнүн жашоочусу, жабырлануучу Мыскалай Жусуповага «мен балаңыз Эламанмын, Россияда бирөөнү өлтүрүп койдуң дешип пастава кылышып жатат, ошону бүтүргөнгө акча керек» деп, 150 000 сом накталай акчасына алууга жетишкен.
Ошентип, Абдивапов Мухаметали Назарович, өзүнүн кылмыш аракети менен дагы бир жолу Кыргыз Республикасынын КЖКнын 28-166-ст. 2-б. 1,2,3-п. 4-б. 4-п., көрсөтүлгөн кылмыш ишти жасаган.
2015-жылдын 1-февраль күнү саат 17.30 чамасында, Кадамжай районунун Алыш айылында орун алган Козубай орто мектебинин алдында, Кызыл-Кыя ШИИБнун АТсу милициянын ага лейтенанты Жакыпов Уланбек Бурканович, Кызыл-Кыя шаарынын Советская көчөсүнүн № 5 үйүнүн № 2- батиринин жашоочусу 21.10.1963 жылы туулган Жусупова Мыскалай Касымбековнанын жазган арыз боюнча өзүнүн кызматтык милдетин аткарып жүрүп, Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын жашоочусу 01.04.1987-жылы туулган Кадыров Кубат Акуналиевичти, Жусупова Мыскалайдын Алыш айылындагы Козубай орто мектебинин кире бериш дарбазасына койгон акчасын алып жаткан учурда барып калганда, милиция кызматкери Жакупов Уланбектин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулук көрсөтүп, колдору менен башына уруп салып, окуя болгон жерден качып кетип калган.
Натыйжада Жакыпов Уланбек Бурканович соттук медициналык экспертизанын № 47 сандуу кортундусуна ылайык, ден соолугунун кыска мөөнөткө бузулушуна алып келген жеңил жарат алган.
Кадыров Кубат Акуналиевич өзүнүн кылмыш аракеттери менен Кыргыз Республикасынын КЖКнын 341-ст. 2-б., көрсөтүлгөн кылмыш иштерди жасаган.
Уюлдук телефондон пайда табам дегендер минтип бүгүн сот жообуна тартылуу алдында турат. Андыктан «арам тамак аш болбойт» деген кыргыздын накыл сөзүн унутпасак.

Азатбек САТИНБАЕВ, Кызыл-Кыя шаарынын прокурорунун орун басары.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити
Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


четыре × = 8

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>