ЮНИСЕФ Кыргызстандын түштүгүндөгү эң аярлуу балдар жана алардын ата-энелери үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүүгө багытталган программалардын жыйынтыгын чыгарат


img_fon

Ош шаарында үч жылдык программанын жыйынтыктары боюнча тегерек столдогу талкуу өтөт. Аталган программа Кыргызстандын түштүгүндө туруктуулукту камсыздоо үчүн бул аймактагы эң аярлуу балдарга жана алардын ата-энелерине социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү күчтөндүрүүгө багытталган. Тегерек стол программанын жыйынтыктарын жана анын келечегин талкуулоо максатын көздөйт. Жолугушууга 100дөн ашык киши катышат, алардын ичинде жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, долбоордун өзөктүк өнөктөштөрү, Британиянын Кыргызстандагы элчиси Жудит Маргарет Фарнворт айым жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Юкиэ Мокуо айым бар.
Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы 18 райондун он үчүндөгү 55 айылдык округда балдардын жана үй-бүлөлөрдүн жакырчылыгын, жаштар арасында жумушсуздукту кыскартуу жана социалдык чыңалууну жумшартуу программанын негизги тапшырмалары болгон. Элеттик округдар (айыл өкмөттөрү) балдар арасындагы жакырчылыкты, энелер жана балдар өлүмүнүн деңгээлин, географиялык жактан алыстыгын, балдарды жана жаштарды коргоого, билим берүүгө (анын ичинде мектепке чейинки билим берүүгө) жеткиликтүүлүгүн, таза сууга жана санитардык шарттарга жеткиликтүүлүгүн кылдат иликтеп чыккан соң тандалып алынды.
Өнүктүрүүнүн жергиликтүү пландарын ишке ашырууга көмөктөшкөн программалык иш-чаралар негизги 5 тармакты эске алган: балдарды коргоо, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык саясат жана жаштар. Орточо эсеп менен 55 элеттик округдун ар биринде алтыдан ашык ири долбоорлор өткөрүлгөн. Ошондой эле 98 долбоор элеттик округдарда башталган, алар да кошуна жамааттардын өнүгүүсүнө көмөктөшкөн. Кошуна округдарга багыт алуу региондогу тынчтыкты колдоо жана системалык өзгөрүүлөрдү түзүүгө умтулуу боюнча стратегиянын бир бөлүгү болуп эсептелет.
Жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмү 11,5% азайганы, иштеп жаткан жана жаңы ачылган 61 жамааттык бала бакчаны түзүү жана колдоо көрсөтүү, жаштардын 23 борборун, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды күндүз кароо үчүн 2 борбор түзүлгөнү программанын негизги жыйынтыктарынын бири болуп калды. Ошондой эле мектепке барбаган 2526 бала аныкталды жана алардын баары билим берүү системасына кайтарылды. Туулганы тууралуу күбөлүксүз калган 3104 бала бул документти алышты. Жаратылыш кырсыктары болуп келген райондордо жашаган балдар жер титирегенде, көчкү жүргөндө, сел болгондо жана башка чукул кырдаалдарда өзүн кантип коргой аларын үйрөнүштү.
Программа 2012-2016-жылдарга Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен ЮНИСЕФ ортосунда түзүлгөн биргелешкен өлкөлүк программанын бир бөлүгү болчу. Аталган программа аны ишке ашыруу үчүн 8 миллион АКШ доллары көлөмүндө грант берген Бириккен Королдуктун Өкмөтүнүн Эл аралык өнүктүрүү боюнча департаменти (DFID) тарабынан колдоого алынган.

Гульнара Женишбекова


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


три + 1 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>