Жаны спорт зал курулду


img_fon

Баткен облусунун Сүлүктү шаарына караштуу Кольцо айылындагы Айдарали Кайымкулов атындагы №6 орто мектепке заманбап шарттагы спорт зал курулду.

Белгилүү болгондой, Айдарали Кайымкулов атындагы №6 орто мектеби 2014-жылдын 26-апрелинде пайдаланууга берилген. Анын курулушуна мамлекеттик казынадан 46 млн сом жумшалып, мектеп заманбап стилде салынган. Ал эми, спорт залын куруу 2015-жылга калтырылган.

«Мектептин спорт залынын расмий ачылышы 2015-жылдын жаңы окуу жылына белгиленген. Белгиленген убакыт келип, аны пайдаланууга бердик. Азыркы тапта окуучулардын спорттук оюндарды уюштуруусуна толук шарттар бар», — дейт мэрия кызматкери.

Белгилей кетсек, аталган мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Учурда анда 100дөн ашуун бала билим алат.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


3 × = шесть

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>