“Жарнак жөнүндө” Мыйзамга толуктоо киргизилди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев “Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2015-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзам кайсы тилде чыгарылгандыгына карабастан, жалпыга маалымдоо басылма каражаттарын колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Аталган максатта “Жарнак жөнүндө” Мыйзамдын 3-статьясынын 3-пунктуна жалпыга маалымдоо басылма каражаттарындагы жарнак ошол басылма чыгарылган тилде, ошондой эле жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча башка тилдерде дагы жайылтылат деген толуктоо киргизилет.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


2 + один =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>