Жаштар алдыңкы сапта (фото)


img_fon

img_fonАрдактуу агай жана камкор инсан
«Эртенки келечегин ойлобогон өлкө-бүгүн жаштары үчүн кантип кам көрөт?». Кайсы бир улуу даанышман айткандай: «Күнүмдүк пайдасын эсептеген-соода кылат, жылдык жашоосун пландаган–үрөн себет, он жылдыгын коздогон-бак тигет, түбөлүктүүлүгүн ойлогон бала окутуп кам көрөт»,-демекчи элинин эртеңин ойлоп, алардын жаркын келечеги үчүн кам көргөн-улуу устаттык. Ал эми ошол улуу устаттыкты жасоо да ар бир мартын колунан келчү иш эмес. Мен бүгүн ушундай улуу мүнөзгө ээ болгон устат агайыбыз БатМУнун алдындагы Кызыл-Кыя Гуманитардык–педагогикалык институнун базасындагы математикалык–экономикалык институтунун директору, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгисинин ээси-Орунбаев Таалайбек Алишерович жөнүндө кеп салгым келип олтурат.

 


 
Тоо койнунда өз киндигин өзү кесип элдик ашар жолу менен курулган айылдык чакан мектеп балдары жыл сайын эки ирет бул устатты заарыга күтүшөт. Анткени, Кадамдай районундагы А. Солтонов атындагы орто мектебинин педагогикалык кенешмесинин №5 20.05.10 чечиминин негизинде «Мектеп балдарынын билим деңгээлин стималдаштыруу максатында айылыбыздын чыгаан кулуну Таалайбек Алишерович атындагы стипендия уюштуруу чечими кабыл алынган. Бул чечимге ылайык ар окуу жылынын 1-жана 2-жарым жылдыгында окуудагы мыкты ийгиликтерди белгилөө жана стимулдаштыруу максатында ар бир класстан бирден окуучу жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон бир мугалим агайдын стинендиянт громатасы жана акчалай демөөрчүлүк стимулун алат. Табиятынан кичи пейил жана жайдары мүнөздүү агайдын күлүмсүрөп турган көздөрүнөн төгүлгөн балдарга болгон мээрими, алардын жакшы билим алуусуна кошкон салымы-өтө жугумдуу. Анткени, бул орун үчүн ат салышып, бул сыймык үчүн атандашып алга умтулуу жылдан-жылга байкалып турат. Быйылкы окуу жылында мектепте аталган стипендия 8 ирет берилип жалпы жонунан 56 окуучу, 8 мугалим бул стипендиянын ээси болушту.
 


 
Мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоодо да агайдын орду зор. Себеби, 2010-жылы АРИС программасы менен тыгыз иштешип, «А. Солтонов атындагы орто мектебине компьютер жана орг.техника сатып алуу» долбоорунун чегинде компьютердик класс ачуу жумушуна жигердуу аракет жасап, бүгүнкү күнгө чейин компьютерлер ремонту, программалоо сыяктуу түйшүктөрүн акысыз аткарып келет. Ар убак келгенде куру кол келбестен жаңы методикалык материалдарды, жаны технологиялык программаларды жада калса өзүнүн улуу устаттык кеңештерин, педагогикалык тажырыйбасын ортого салып, иши кылса педгогикалык жамаат үчүн мыкты насаатчы.
Район борборунун алыс жайгашкан мектеп үчүн кадр маселеси да абдан курч маселе. Бул маселени чечүүдө мугалим катары да, патриот катары да аракеттенип, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмү менен аталган окуу жай ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде бюджеттик орунда бүтүргөндөрдүн ординатурасын, практиканттардын практикасын, жада калса эркин катышуу менен студент педагогдор менен да камсыз кылууга көмөктөшөт. Бүтүрүүчүлөргө келип кеп-кеңешин айтып каалаган ЖОЖго даярдап тапшыруу үчүн колдоо көрсөтүп, өз окуу жайына алып барып тарбиялоосу бул элди агартуудагы укмуш аракети.
Бул агартуу ишинен артышып, элдин арасындагы маанилүү көйгөйлөрдү чечүүдө да аракети мактоого арзырлык. Бел айылында да союз ураган оор-кыйыш мезгилден тарта суугат суу маселеси өтө курч маселе бойдон калып келген. Тээ алыстагы Гауян, Гороту каналдарынан «Жоо кесек арыгы» аркылуу айылдын суугат жерлерине суу жеткирүүнүн өзү абдан машакаттуу жумуш. Биринчиден жолдун узактыгы 7-8 чакырымды түзсө, экинчиден үч-төрт айылды аралап өтөт. Бул маселени эл өзү суу башкарган мураптын айлык маянасын төлөө менен чечкени менен, айылдагы ар бир гектар жер үчүн 15 күндө бир 45 мүнөттөн суу берилет. Жайдын ысык аптабында бул деген тоону чөмүч менен суугарганга тете. Ошондуктан, айылдагы 100 гектарга жакын жердин 70-80 пайызы эгилбей какыраган бозоргон талаага айланган.
2014-жылы айыл башында дүркүрөгөн союз мезгилинде казылып бирок, бүтпөй калган эки скважнины чыгаруу демилгесин колго алып, чет элдик жана жергиликтүү инвесторлорду тартууда өзүнүн чыныгы патриоттуулугун жана демилгечи уюштуруучулугун көрсөтүп, калың элдин алакан жайган ак батасына арзыды. Тактап айтканда 180 кВТ трансформатордун бөлүнүшүнө салым кошкон КР ЖК депутаты Мадеминов Мурадыл агабыздын жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын орто Азиядагы президенти, «Кадамжай районунун ардактуу атуулу» Саид Баюминин салымын өзгөчө белгилөөгө болот.
Бүгүнкү күндө 1200000 миң сомдук смета менен бааланган бир суу скважинанын курулуш иши бүтүп ишке берилип, экинчиси бүтөөр алдында турат. Бул ийгиликтерге КР ЖК депутаты Мадеминов Мурадыл агабыздын салымы өзгөчө. Агартуу майданынын адамын айыл чарбасына кошкон салымын карап туруп чын эле ыразы болосун.
Мындай жигердүү аракеттерин карап туруп сөзүмдү улуу сахаба Ибн Умардын төмөнкүдөй нускалуу кеби менен жыйынтыктагым келди. «Ар бир доордо Аллах өзгөчө береке берген 500 адам, ошондой эле абдан куттуу 40 адам болот. Алардын кимдир бирөө дүйнөдөн өткөн кезде, анын ордун башкасы басып толуктап турат». Биздин бул карман дал ушундай улуу көсөмдөрдүн бүгүнкү өкүлү десек аша чапкандык болбос.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


1 × два =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>