Жаштын тилеги


img_fon

img_fonКызыл-Кыя шаарындагы № 70-кесиптик лицейи кесипкөй жаштарды окутуп, тарбиялоодо алгылыктуу иштерди жүргүзүп келе жатат. Лицейдин окуучулары ар кандай деңгээлдеги сынактарга жигердүү катышуу менен бирге байгелүү орундарды алышып, артыкчылыктарын далилдешүүдө. Ошолордун бири Абдимиталип кызы Ноорузгүл. Ал «Эмгек резерви» дене тарбия жана спорт боюнча республикалык сынакта диплом жана медаль менен, Ч. Айтматовдун 85 жылдык маарекесине карата «Тил тагдыры-эл тагдыры» аттуу республикалык дилбаян сынагында биринчи даражадагы диплом жана беш миң сом менен сыйланган. Мындан сырткары областтык спартакиада да алдыңкы орунду ээледи. Биз Ноорузгүлгө жолугуп. ат жалында маектештик.
Ноорузгүл, эмне себептен жогорку окуу жайында эмес, кесиптик лицейде окууну кааладың?
— Кичине кезимден эле ашпоозчулукка кызыкчумун. Апам тамак жасап жатканда дайыма жардам берер элем. Ал эми Түрк лицейин же кесиптик лицейин тандоого келгенде мен кесиптик лицейин тандадым. Анткени каржылык жактан караганда кесиптик лицейде окуу акысыз, бардык шарттары бар. Баштапкы кесиптик лицейди бүткөндөр башка мамлекетте да жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүгү бар.
Баштапкы кесиптик лицейдин артыкчылыгы эмнеде экен?
— Кыска мөөнөттүн ичинде татыктуу пайдалуу кесиптин ээси боло аласың. Ошону менен бирге жеке ишкердик менен алектенип, өзүңдү жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
Кыска мөөнөттө өзүңө койгон максатыңа жетиштим деп ойлойсуңбу?
— Ооба, жетиштим десем болот. Буга № 70-лицейдин мугалимдеринин салымы чоң. Алардын ишеничин актоо үчүн дагы талбай окуп, кесиптин өтөлгөсүнө чыгам деп турам. Булар ийгиликтин башталышы гана. Калганын келечек көргөзөт..
— Курбу-курдаштарыңа эмне каалайсың?
— Жаштарга кесип тандоодо окуу жайдын даражасына кызыкпай, өзүң сүйгөн кесипке кызыгышын каалар элем. Азыр мени тарбиялап, окутуп жаткан лицейдин мугалимдерине ыраазычылык айтып өткүм келет.

Аңгемелешкен: С. АБДУКАРИМОВ, Айнагүл МАНСУРОВА

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити
Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


восемь − 8 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>