Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл коюу расмий аземи 9-майда өткөрүлөт


img_fon

2015-жылдын 9-майында Бишкекте расмий адамдардын катышуусу менен Жеңиш аянтындагы Түбөлүк отко гүл кою расмий аземи өткөрүлөт.

Бул салтка айланган азем эртең мененки саат 9:00, Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында өтөт. Аземге мамлекеттик бийлик бутактарынын башчылары, мамлекеттин Президентинин Аппаратынын, Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын, Бишкек шаарынын мэриясынын жетекчилери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, дипломатиялык миссиялардын жана өкүлчүлүктөрдүн башчылары, чет өлкөлүк элчиликтердин аскердик атташелери, башка расмий адамдар жана аскер кызматкерлери катышышат.

Гүл койгон соң, аземдин катышуучулары Эскерүү минутасы жана үч ирет жапырт атуу менен Улуу Ата Мекендик согуш жылдары каза болгондорду эскеришет.

Аземден кийин катышуучулар «Ала-Тоо» аянтындагы Аскердик парадка катышуу үчүн жөнөшөт.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


+ 5 = семь

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>