Жеңиштин 70 жылдыгында (фото)


img_fon

Кызыл-Кыя шаары боюнча Улуу Ата мекендик согуштун 6 гана чыныгы каарманы, Улуу Жеңишти майрамдашат.
Жыл өткөн сайын катары суюлуп бараткан ардагердин ар биринин бул күнгө жетүүсү, татаал да, табышмактуу да экендиги талашсыз.

Ардагерлер

Кааров Нишанбай
 


 
Фото: автора

 
1924—жылы туулган. Улуту кыргыз.
Сыйлыктары: 1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта жеңгендиги үчүн.
“Каармандыгы үчүн” медалы.
Экинчи баскычтагы “Даңк” орденинин ээси.
Улуу жеңиштин 40, 50, 50 жылдыгы медалдары менен сыйланган.

Ардагердин эскерүүсүнөн: Согуш бул эч кимди аябайт, дүйнө жүзүн багынтамын деген Гитлердин максатын Сталин жетектеген мамлекет, армия таш каптырды. Ошол мезгилдеги СССРде жашаган бардык улуттар бир үй бүлөнүн балдарындай бекем турушуп, немецтердин соккусуна туруштык берген акырында доңуз чээнине кире качкандай кылып Берилинге чейин биздикилер кууп барып, СССРдин туусун илишти.
Эми согуштагы көрүнүштөрдү айтсам, күндү-күн, түндү түн дебей согуштун аяз, мөндүр, жаан дегенди билбедик. Кээде ач, кээде жөө жүрдүк. Менин аскердик милдетим байланышчы-телефонист эле. 1943-жылы Волга дайрасынын алдына бардык. Мени коиандир башка жакка которду эле, мен Чапаевдин дивизиясына түшүптүрмүн.
Фашисттер чегинип бара жатат, биздин армия артынан бирок алар жөн эле чегинбейт, атышуу, жардыруу, басып алган шаарларды талкалоо, бузуу болуп жатты. Жүздөгөн солдаттар кыргынга учурап, жарадарлар госпиталдарга толуп кетти.
Согуш майданы болобу же шаар ичинде болобу менин милдетим аскер штабы менен согуш болуп жаткан жерди байланыштыруу. Менин да желкемде автомат, жанымда тапанча бирок мен телефонду көтөрүп солдаттардын коргоосунда болом. Ошондой болсо дагы согуш деген согуш. Көз алдымда жаш жигиттер окко учуп, кээси колунан, кээси бутуну үздүрүп алгандарын көрдүм. Бирок, менин милдетим байланышчы болгондугуна байланыштуу аларга жардам бере албадым.
Германияга киргенибизде бизге Америка жардамга келди, алардын техникалары жаңы, тамак-аш кеңири болду. 8-май күнү Берилин толугу менен алынды.
Согуштан 1948-жылы кайттым. Келип ар түрдүү кызматтарда иштедим. Кудайга шүгүр, 8 баланын атасы, 50дөн ашык неберем бар. Жакында чебирелүү болдум. Көргөн, өткөргөн күндөрүмө ыраазымын. Мамлекетибиз өсүп өркүндөп, гүлдөгөн өлкөгө айлана берсин. Ааламда согуш болбосун.

ГАЙНУЛИН АБДУЛХАЙ
 


 
Фото: автора

 
1925-жылы 15-июлда туулган. Улуту-татар.
Гайнулин Венгерияда Балатон көмүрүнүн чыгыш жагында жайгашкан 3-Украина фронтунда 345 гвардия ордендүү Суворов атындагы Аба десанттык полкто кызмат кылуудан баштаган.
Ал өз эскерүүсүндө төмөнкүлөргө токтолду. 1945-жылдын 16-марттында Венгериянын Папа шаарынын Раба дарыясы аркылуу бошотуу планы түзүлгөн. Бул шаарды алуу бизге оңой болгон жок, душмандар көпүрөдөн өткөрбөй коюу үчүн өз күчтөрүн, ок атуучу жерлерин бекемдеп, ок өтпөс металдар менен бекитиптир. Бир нече жолу биздикилер чабуул коюшуп бирок натыйжа бербеди, биз тирүү күчтөрдөн айрылдык. Бир убакта көпүрөгө дивизиянын командири келип, Советтер Союзунун Баатыры генерал-майор Донисенко үнүн жогорку тонуна салып, «-Гвардиячылар, менин артымдан алга!»-деген буйругу менен өзү душманды көздөй бет алды. Душмандар окту мөндүрдөй жаадырышты. Биз генералдын артынан чуркап автоматтардан душман тарапка аткылап жөнөдүк, бир эле көпүрөнүн үстүнөн эмес, дарыяга бойлорун ташташып, ар тараптан чабуул башталганда душмандар аргасыздан чегиништи.
Мен пулиметчулардын командири элем. Немецтер жайланышкан жерден бир аз өйдөрөөк жерден байкадым. Солдаттардын жаткан жерлерин, курал-жарак сакталуучу кампаны, танкалар турган жерлерин баарын бийиктиктен туруп, картага түшүрүп өзүмдүн карамагымдагы пулеметчиктерге обьектилерди бөлүштүрүп бердим. Ошол жерден буйрук менен аткылоону баштадык. Бир пулиметчик каза таап, анын ордуна өзүм барып, чабуулду токтотпостон уланта бердик. Немецтер бир нече жолу бизге чабуул жасап, көптөгөн солдаттарынан ажырашты. Биз айылды көздөй түшүп келдик. Маңдай -тескей атышууга өттүк. Ушул кармашууда мага ок тийип жарадар болуп калдым. Элдүү пункту бошотконубуздан кийин мени госпиталга алып барышты. Бул мен көргөндөрдүн миңден бири.
Биз жаш кезде согушту көрдүк, катыштык. Эл үчүн, жер үчүн салгылаштык. Жеңишке жетиштик. Мындан ары согуш оту тутанбасын. Бизден кийинкилер тынчтыкта жашашсын түбөлүк. 9-май Улуу Жеңиш биз эле үчүн майрам эмес, бүт элдин мурдагы 15 республиканын элдери үчүн чоң майрам.

АБДУРАХМАНОВ ЖАНЫБЕК
 


 
Фото: автора

 
1924-жылы 24-январда Кыргызстанда төрөлгөн.
Улуту-кыргыз.

Сыйлыктары:

1. 1941-1945жылдагы Улуу Ата Мекендик согушта жеңгендиги үчүн.

2. Георгий Жуков медалы.
3. Улуу Жеңиштин 40 жылдыгы медалы.
4. Улуу Жеңиштин 50 жылдыгы медалы.
5. Улуу Жеңиштин 60 жылдыгы медалы жана башкалар.

Согушта 1942 -жылы Куйбышев шаарында даярдыктан өткөн 20 күн даярдыктан соң фронтко жөнөтүлгөн. Согушка алгачкы жолу Курс Дугойдон баштаган. 1942-жылы декабрь айында чабуулга өтүшкөн. Душмандар менен кармашууда көптөгөн солдаттар окко учкан.
Бул кармашууда Советтик солдаттардын жеңүүсү менен аяктаган.
Менде коркуу деген болгон эмес, тескерисинче жек көрүү кайнап, өлүмгө болсо да тик кароо максаты болгон. Биз жети ай алдыңкы катарда болдук. Кезектеги атышууда оң колума ок тийди. Орлов шаарында аскер госпиталында дарыландым. Айыгып чыккандан кийин мени 2-Беларус фронтуна жөнөттү.
Менин эсимде приказ боюнча колго түшкөн немецтерди кайтарууга барганымда мага жоопкерчилик менен кошо коркунуч да пайда болду. Мен анда жашмын.
Токойдун ичиндеги өлүгү тоодой болуп жатканын көрдүм, аларды жер астына жашырдык.
Согуш кыргын мындай согуш кайталанбасын. Согушта жүргөндө көңүл чогуу маанайларын эмне менен көтөрүү керек. Учуру келсе жөн гана «Катюшаны» ырдап калаар элек. Мына бүгүн Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы белгилеп жатабыз.Ырахмат бийликтегилерге аман болушсун.

КИРЕЕВА МАРИЯ
 


 
Фото: автора

 
1925-жылдын 8-августа төрөлгөн. Улуту-орус. Бир нече орден, медалдардын ээси. Медицина кызматынын офицери, лейтенат.
М.Матвеевнанын
эскерүүсүнөн:
Мен медициналык окуу жайды аяктаган сон, Ноокат районунун тоолук айматарында кесиптик тажрыйбамды иш жүзүндө элге кызмат көрсөтө баштадым. Ал жылдары тоолордун ортолугунда жөө басууга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, эшек эң жакшы улоо болор эле. Эшекке чемоданымды артып кээде жетелеп кээде минип алчымун. Бул жагы Кытайдын чек арасына чейин барып жаш балдарды эмдеп, улууларга укол берип келчүмүн.
Ошондой күндөрдүн биринде согуш башталды деген каргашалуу кабар келди. Мени Ноокаттан туура согушка алып кетти.
үй бүлөм ,туугандарым менен коштошууга да уруксат болбоду.
Тартип деген ушундай экен,тагдырга баш ийип туура согуш майданына бардым.
Аскер кийимин кийип мылтыкты желкеме асып дары дармектер салынган чемоданымды мойнумдан артып согушка кирдим. Жарадарларды үн чыгарып чакырышат, согуштун кызуу учурунда бир эле мезгилде беш-алты адам жарадар болуп, беш-алтысы курман болгон болот. Жарадарларга колумдан келишинче жардамдашып оор жаракат алгандарды сан частка чейин сүдүрөп келген учурлар көп эле болду.
Согуштун бетин ары калсын,нелерди гана көрбөдүм карды жарылып, ичегиси чубалып жаткандар канча. Жардам берүүгө мүмкүн эместерди көрдүм бир колу, бир буту осколко жулуп кеткен.
Фашистердин тирүүлөй өрттөгөнүн, сөөктөрүн көрдүм. Айгышкан кармашта кол көтөрүп душман тарапка өтүп кеткендерди көрдүм. Согуш аяктап жатканда Германия шаарын көрүп суктандым, ушунчалык таза, жолдору таш төшөлгөн, үйлөрү үч кабаттуу. Ичине кирсен жасалгаланган, андагы көргөн эмеректер эми бизге келип жетти. Ойлоймун ушунчалык жетишкен өлкө эмне үчүн башка өлкөлөргө баскынчылык кылат экен деп.
Суроолорго жооп:
Азыр мен жалгызмын, бир кызым бар Петербургда алып кетейин дейт, мен макул болбодум.Мен Кыргызстандыкмын, менин сөөгүм ушул жерден чыгат деп.Кудайга шүгүр, №1 №8- мектептин окуучулары келишип короомду иретке келтиришип кем -карс иштеримди бүтүрүп беришет.
Шаар мэрине да ырахмат өзү келбесе да өкүлдөрүн жөнөтүп турат. Бир гана кемчилдигим бутум ооруп баса албайм, болбосо жакшымын. Жөн олтуруу жок менде аял затына тиешелүү оймо-чийме иштерди кыламын.
Улуу Жеңиш майрамы жалпыбыздын, жалпы Кыргызстандыктардын 70 жылдык майрамы менен куттуктаймын.

МАМАТОВ ТӨРӨКУЛ
 


 
Фото: автора

 
1920-жылы 9-июлда төрөлгөн улуту-кыргыз, туулган жери Кыргызстан.
Сыйлыктары:
1. 1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согушта жеңгендиги үчүн.
2. Георгий Жуков медалы.
3. Улуу Жеңиштин 40 жылдыгы медалы.
4. Улуу Жеңиштин 50 жылдыгы медалы.
5. Улуу Жеңиштин 60 жылдыгы медалы жана башкалар.
Германия СССРге согуш ачкан учурда ардагерлер Советтик Армиянын катарында Литвада кызмат өтөгөн. СССРдин чек арасына кирген мезгилде Төрөкул ардагер постон кайтып казармасына келген учуруболгон.
Ардагер: Бизден алысыраак жерде бомба жарылды, согуш башталды, солдатттар жаткан казармага түшкөн экен бомба, бардык солдаттар өлүп жатат, бир офицер бир бутунун жоон санынан жок, бакырып ал жатат. Душмандар кирип келди,бизде болсо беш атар алдагы жетишсиз, командир тирүү жүргөн солдаттарга чегинүүгө буйрук берди. Эгер аркага чегинбесек биздин күчүбүз алардыкына тең келбей бөөдө жоготуу болот эле. Ошентип биз токойго кирип кеттик.
Россияны , Советтик солдаттарды жана карапайым элди токой сактады, токойго немецтер кире алышпайт эле. Токойдун ичинде да солдаттар уюшуп кечеси менен немецтер жашаган айылдарына барып талкалап алардын автоматтарыны,ок дарыларын тартып келчү эле. Биз биринчи автомаматты немецтерден көрдүк. Кийин биздик

КОВАЛЕНКО ИЛЬЯ
 


 
Фото: автора

 
1923-жылы 16-июлда төрөлгөн, улуту -украин.
Сыйлыктары:
1. Улуу Ата Мекендик согушта жеңгендиги үчүн.
2. Каармандык үчүн медалы.
3. Германияны жеңгендиги үчүн ордени.

Ардагер 18 жашында 1941-жылдын декабрь айында согушка аттанган, Украина фронтуна түшкөн.
Ардагердин айтканынан:
Менин фронтовик жолдошторумдун, деги эле согушка катышкан согуш аппаттарын көргөндөрдүн көргөн күнүн эч ким көрбөсүн. Адам каны суудай агылып, эчендеген кооз шаарлар кыйрады. Миң-миңдеген балдар жетим калды, энелер жесир калды. Батыштан башталган согуш совет жергесине келип көп улуттуу эл бир жакадан баш , бир жең ден кол чыгарып оозунан жалын чыккан жан алгыч желмогуз менен аесуз кармаштык. Бүгүн өткөн күндөрдү эстеп, көңүлүмдү бузгум да келбейт. Ким эгер адилетсиз бирөөгө кол салса ар дайым жеңилерин билдик.
Менин эң жакшы көргөн жана ырдаган ырым «Катюша» азыр деле ырдагым келгенде ушуну ырдайм. Согуш майданындагы ар бир солдат бул ырды билер эле.Жеңишке бул ыр өз салымын кошту десем жаңылышпаймын.
Ал эми согуш талаасын ийне жибине чейин образдарын ачып көрсөтө алган «Алар Родина үчүн салгылашкан» кинону жакшы көрөм. Анткени ал башка кинолордон өтө чындык жактары менен айырмаланат. Мен жеңиш күнүн Берлинде тостум. Бул күн эч эстен чыкпайт, кандай гана бактылуу күн, тозоктун оозу жабылып , жер бетине бейиштин эшиги ачылып. Гитлер баштаган фашистер жер тиштеп, о дүйнөгө аттанган күн.
Дүйнөдө тынчтык болсун,балдардын бактысы түбөлүк болсун, ата-эне, туугандар деги эле жер бетиндеги адамзат тынчтыкта жашашын каалайм.
Шаар мэрине,социалдык коргоо кызматына ырахмат. Ушул каалоолор менен кошо «День, который мы приближали, как могли» деп ырдап көзүнө жаш алды.
Айта берсе түгөнгүс, согуштун бети курсун, согуш бул ажал, өлүм, кайгыруу. Немецтер токойго кире албай токойду аткылай берет эле, бомбаларды таштайт эле. Ошондой бомбалардын бири менин жанымда жарылып жер омкорулуп кетти. Менен оң бутумду ошол жарылуудан тийген осколка сындырып кетти.
Жаштарга өмүр берсин,мамлекетибиздин келечеги кең, жыргалчылык, тенчилик заман болсун. 70 жылдыкка карата урмат -сый көрсөтүп жаткан элге, жетекчилерге чоң рахмат.

Жылдар узаган сайын, жүрөктү эзип, андан калган тактар айыкпай 70 жылдан бери келе жаткан кара такты эми эч ким эч качан унута албастыр.
Бар болгула Улуу эрдикти алып келген ата-апалар Силерге адамзат атынан таазим.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


7 + = девять

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>