Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадынын катышуучуларына ыраазычылык каттар тапшырылды


img_fon

Бүгүн, 2015-жылдын 14-майында, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадынын катышуучуларына ыраазычылык каттар тапшырылды.

Ыраазычылык каттарды тапшыруу аземи Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында өткөрүлдү.

“Борбордук “Ала-Тоо” аянтында масштабдуу жана театрлаштырылган оюн-зоокту –Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадын уюштурууга жана өткөрүүгө катышкандыгыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Согуштун жана эмгектин ардагерлерине, бардык көрүүчүлөргө жана жалпы Кыргызстан элине тартуулаган чоң майрамыңар үчүн ыраазычылык билдирем! Силер Жеңиш күнү кыргызстандыктар үчүн ар дайым ыйык майрам болоорун ачык көрсөттүңөр. Балдарыбыз келечекте дагы улуу муундагы адамдардын улуу эрдигин эч качан унутпасын далилдедиңер. Силер экономикада, маданиятта жана илимде жакшы иштериңер, жаңы жетишкендиктериңер, ачылыштарыңар менен Кыргызстанды даңкын чыгарасыңар деп ишенем. Бардыгыңарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана жаңы ийгиликтерди каалайм!”,- деп айтылат Мамлекет башчысынын ыраазычылык катында.

Окуучуларга ыраазычылык билдирүү иретинде жаштардын бий топторунун жана эстрада аткаруучуларынын катышуусу менен концерт тартууланды.

Эске салсак, 2015-жылдын 4-майында, Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” аянтында мектеп окуучуларынын масштабдуу театрлаштырылган “Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парады” өткөрүлүп, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган салтанаттар башталган.

Бишкек мектептеринин окуучулары, балдардын чыгармачыл белгилүү коллективдеринин тарбиялануучулары, аскердик лицейлердин курсанттары, жаш спортчулар согуш ардагерлерине жана чакырылган меймандарга масштабдуу театрлаштырылган оюн-зоок даярдашкан. Парадка 6 миңден ашуун окуучулар катышкан.

“Жеңиштин жаш мураскерлеринин Парадынынын” уюштуруучуларынын негизги максаты Жеңиш майрамы Кыргызстандын жаштары үчүн эч качан унутулбастыгын жана абдан маанилүү экендигин ачык көрсөтүүгө багытталган. Салтанат кайра жаралууну баштан кечирип жаткан Кыргызстандын балдары сыймыктана турган иштер көп экендигин далилдемек. Өспүрүмдөр 70 жыл мурда жер жүзүн коркунучтуу алааматтан — фашизмден сактап калган чоң аталары, чоң энелери тууралуу ар дайым эскерээрин көрсөтмөк. Жалпы Жеңишке жетиш үчүн кыргызстандыктар зор салым кошкондугун кийинки муун унутпайт. Кыргызстандын балдары өлкөнүн тарыхын билгиси келет, улуу муундун эрдигин эстен чыгарбай, алардын жакшы салттарын татыктуу улантаарын ырастамак.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


семь + 6 =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>