Жеке ишкердин салымы


img_fon

Убагында Сүлүктү шаарында сүрөтчү болуп иштеген Ысманали Карабаев учурда бүтүндөй бир аймакты көмүр менен камсыз кылууда.

Союз тарап, жылына 1 млн тоннага чейин көмүр чыгаруучу Сүлүктү көмүр кени дагы кризиске учурагандан кийин мамлекеттик ишканалар жоюлуп, жеке ишкерлерге өтө баштаган. Ошол кезде сүрөтчү биринчилерден болуп жеке ишкана ачууга кадам таштаган. 2005-жылы Сүлүктүдөн көмүр өндүрүү үчүн шахта казып, 1 жарым жыл анын түйшүгүн тарткан. Адегенде банкротко учурап, кийин 2007-жылдан тарта ал түзгөн ишкана 3 миң тоннадан көмүр каза баштаган. Бул көрсөткүч учурда 40 миң тоннага жетти. Бир мезгилде 5 адам иштеген чакан шахта бул аралыкта 200гө жакын жумушчу орундарын түздү.

Азыр бир мезгилде Ы.Карабаев өз ишмердүүлүгүн кеңейтип, ондогон үй-бүлөлөргө жумуш орундарды түздү. Ошондой эле, кол күчү менен казылуучу көмүрдү техникалаштырып, Кытайдан керектүү шаймандарды алып келди.

 
 
 
Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити.


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


9 − восемь =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>