Жогорку Кеңешке Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына талапкерлерди киргизди


img_fon

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев тиешелүү конкурстук тандоонун алкагында Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына жана ошондой эле Чүй облусунун райондор аралык жана Бишкек шаарынын судьялык кызматтарына талапкерлер менен аңгемелешүү өткөрдү.

2015-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан Мамлекет башчысына Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына үч талапкер жана Чүй областынын райондор аралык жана Бишкек шаарынын судьялык кызматтарына 13 талапкерлер боюнча сунуштама киргизилген.

2015-жылдын 15-апрелинде Мамлекет башчысы тарабынан өткөргөн аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешинин 2015-жылдын 28-апрелиндеги чечимин эске алуу менен Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызматына дайындоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки талапкерди — Ж.И.Саалаевди жана К.Абдиевди сунуштоо чечимин кабыл алды.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялык кызматынын бош орунуна Кыргыз Республикасынын Судьяларды тандоо кеңешини тарабынан кайра сунушталган талапкерлер боюнча бекитилген тартипте тиешелүү жол-жоболор ишке ашырылат.

2015-жылдын 29-апрелинде Президент Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун райондор аралык жана Бишкек шаарынын судьялык кызматтарына 13 талапкер менен аңгемелешүү өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча Мамлекет башчысы тарабынан тиешелүү чечимдер кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


7 − = один

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>