АВТО

Жол кырсыгы кыскарууда

Кызыл-Кыя шаардык жол кайгуул күзөтүнүн инспектору, милициянын капитаны Азизбек Абдуллаевдин билдирүүсүндө, шаарда жол кырсыгы алты ай аралыгында кыйла кыскарган. Тактап айтканда 2013-жылдын ичинде 2152 административдик протокол түзүлүп, анын ичинде мас абалындагы 69 айдоочуга айып салынган. Өткөн жыл бул учурда 72 айдоочу колго түшүп айып жазасын алышкан эле.
Жол эрежесин бузгандардын саны 36, жол кырсыгы 16 ирет катталган менен адам өлүмү коштолгон эмес. 25 адам катуу жаракат алган.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу