КООМ

Жол сураган Ралиф

Кызыл-Кыя шаарындагы Кара-Козу айылынын Октябрский-117-үйүнүн тургуну, пенционер Ралиф Готаулин үйүнө бир машина бата турган жол таба албай убара.
Үй комитетинин төрагасы Жусупали Усенов жанаша жашап туруп, карыянын өтүнүчүн аткарып коюунун ордуна «итке бар, битке бар» кылып бир жылдан ашык убакыттан бери кыйнап келет. Кыш бою үйүнө көмүр, суу киргизе албай кыйналган Ралиф карыя, редакциябызга ушинтип кайрылды.
Шаардык архитектура, СЭС өңдөнгөн бир топ мекемелерге кайрылганына карабастан бул маселе түйүндүү бойдон калууда.
Шаар жетекчилери, кадырлуу карыянын үйүнө өтө турган жол таап берет деген ишенимде туралы.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу