Жолугушуу жолдуу болду (фото)


img_fon

img_fonКызыл-Кыя шаарынын мэриясынын кийлигишүүсү менен, шаардагы «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык ишканасы Европа банкынын каржылоосунда шаардагы таза суу маселесин чечүү боюнча өз ара жолугушуусу болуп өттү.
Анда Европа банкынын реконструкция жана өнүктүрүү программасынын негизинде узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү кридиттерди берүү талкууланды. Жыйынтыгында 25 жылга узак мөөнөттүү 14 миллион евро жана 5 жылга 5 миллион сомдук кридит менен гранд алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. 2016-жылдын февраль айынан баштап 1-этаптын техникалык жабдуулары, экономикалык эсептөөлөр, жол картасы, схемалардын сметасы толук түзүлүп бүтөт.

 


 
Жыйынга Европа банкы тарабынан долбоордун координатору, тышкы экономикалык байланыштар бөлүмүнүн начальниги Ярослав Филла, башкы адис, инженер, техника илиминин кандидаты Карел Гартиг, улук банкир, муниципалдык жана экологиялык инфрактруктура бөлүмүнүн жетекчиси Катарина Бьерлин Хансен, аналитика боюнча монитордук аткаруучу инструктор Гульнара Есентаева, жетектөөчү банкир Акихиро Кудо катышса, шаардык мэрия тарабынан шаар мэри Абиш Халмурзаев, «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык менчик ишканасынын башчысы Абдилазиз Сатыбалдыев өңдөнгөн жетекчилер катышышты.
 


 
Жыйындын соңунда, «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык менчик ишканасынын башчысы Абдилазиз Сатыбалдыевге кайрылып, жолугушуу боюнча пикирин бөлүшүүнү өтүндүк.
-Европа банкынын реконструкция жана өнүктүрүү программасынын негизинде, Кызыл-Кыя шаарынын суу көйгөйүн чечүү маселеси каралып, ал 2016-жылы ишке ашырылуусу күтүлүп жатат. Бул долбоор ишке ашырылса 40 км жердеги эски куурлар алмаштырылып, элдин сууга болгон талабынын 50 пайызы чечилет. Ишти турмушка ашыруу үчүн учурда 1 эксковатор, 1 оор жүк ташуучу авто унаа, 1 авто мастерской келет.
5 миллион сомдук кыска мөөнөттүү кридиттин 3 миллиону гранд, 2 миллиону кредит түрүндө берилмек болду. Биринчи этап үчүн.
Долбоордун автору өзүм болгон менен, ага шаар жетекчилери колдоо көрсөтүп, айрым чыгашаларды көтөрүүгө түздөн-түз жардам бергени үчүн терең ыраазычылык билдирем. Болбосо, шаар бюджети менен мындай көлөмдүү ишти аткаруу мүмкүн эмес эле.
Чындыгында шаардын көйгөйү болгон таза суу маселеси башкы орунга чыгып, аны чечүү көптөгөн түйшүктөрдү жаратып келгенин жалпы эл билет. Учурдагы долбоор иш жүзүнө ашса, анда шаар эли, жалпы журтчулуктун тилеги орундаларына шек жок.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Нравится


Если Вам понравилась данная статья - поделитесь с Вашими друзьями и товарищами в социальных сетях: Нравится




Комментарии:

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *


5 − один =

Можно использовать следующие HTML-теги и атрибуты: <a href="" title=""> <abbr title=""> <acronym title=""> <b> <blockquote cite=""> <cite> <code> <del datetime=""> <em> <i> <q cite=""> <strike> <strong>