КЫЛМЫШ

Өзүн, өзгөлөрдөн бийик койгон Матлюба

Кызыл-Кыя шаардагы Асаналиев көчөсүндөгү 18-үйдүн 51- батиринде жашоочу Кахарова Матлюба деген жаран өзүнүн үстүндөгү экинчи, үчүнчү, төртүнчү кабаттагы жашагандарды он жылдан бери зар какшатып, ушул күнгө чейин көктөн түшкөнсүп камырабастан жүргөн учуру.
Коңшуларынын билдирүүсү боюнча үстүнкү кабатта жашагандардын ажатканасына келүүчү борбордук канализациядан келген түтүкчөнү Матлюба бууп койгон. Натыйжада үстүнкү кабаттагыларга суу чыкпай, ажатканалары иштебей жаткандыктары боюнча тийешелүү жерлерге кат жүзүндө да ооз эки түрүндө да кайрылышып келе жаткандарына туура 10 жыл болуптур. Ушул мөөнөт ичинде бул жерге кимдер гана келип кетпеди. Кимдин ким экенин уруп ойнобойм деген мүнөздө коңшуларына орой мамиле жасап тоотпой келгени, демек бул инсандын таянар тоосу күчтүү экендиги билинип турат. Бирок, бул колдоочу көмүскөдө, ачыкка чыкпайбы деген кошуналарынын оюу бар.
Кошуналардын даттануусу боюнча бул жерге келген ишкана, мекемелердин өкүлдөрүнө телефон аркылуу, оозеки аркылуу опузалоо болгондугу жөнүндө да маалым болду. Демек Матлюба жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн да киргизбеймин деп айтканы таанышы танка экен деген ойго түртөт.
Бул боюнча иштин башталышы 2004-жылы болгон. Матлюбанын коңшулары Кызыл-Кыя шаардык сотуна болгон ишти териштирип, суу түтүктөрдү эреже боюнча пайдаланууну калыс чечип берүүнү өтүнүшкөн. Ошол мезгилде сот М. Шайиев Асаналиев көчөсүнүн 18-үйүнүн 51-батириндеги жабылып турган суу түтүгү ачылсын деген чечим чыгарып берген. Бул чечимди аткарууну сот аткаруучу А.Абдрахмановго арызданган коңшуларынын колдорун, участкалык инспектордун колун өзүбү же башкаларгабы койдуруп ишти жаап салган.
Мына ошондон бери үстүнкү кабаттагылар арызданбаган жери калган эмес, Жогорку Кеңешке чейин арызданышып бирок, жыйынтык чыкпагандыктан кайра эле шаардык соттон үмүт кылып турушкан убагы.
13-июнь күнү арыздануучулар сотко кайрылган арызы боюнча сот аткаруучу Миталипов Шарип Таштемировичке келишкен. Арыз боюнча 6-июль күнү Кахарова Матлюбанын үйүнө барып анын алты күн ичинде суу түтүктөрү оң абалга келтирип берем деген жазуу жүзүндөгү убада катын алган. Бирок, 13-июнь болсо да аткарылган эмес. Бул боюнча Кызыл-Кыя шаарынын мэриясыны юрист-консултаты, коңшулары, жергиликтүү басма сөз өкүлдөрү жана сот аткаруучу болуп Матлюбанын үйүнө барышкан. Эшигин ачууну суранышканда, үйдүн ичинен кичинекей кыздын «-апам базарга кеткен, үйдө жок» -деген жообу берилди.
Бир топко чейин күтүп кайра тартышты. Коңшулары Матлюба үйүндө эле, ушинтип ачпай коет, бул жерде айтылган сөздөрдү толугу менен угуп турат, кала берсе биздин бул жерге келе турганыбызды алдын-ала билет, себеби биздин жүргөнүбүздү Матлюбаны коргоочулар коңгуроо кылып койду деп айтышты.
Таң калыштуу, коңшуларына берилүүчү сууну бууп алып андан эмне пайда табат экен. Мусулманчылык деген, адамдык касиет, коңшуларга өзгөчө урмат-сый деген ички дүйнөдөгү мээримдүүлүк Матлюбада жок бекен.
Соттук иш кайрадан Кызыл-Кыя шаардык сотунан башталды. Күтө туралычы, 10 жылдан бери ишке ашпай келген көйгөй быйыл балким ишке ашып калар.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу