Жакында шаардагы АТО башчылары отчет беришти. Шаардагы 3 АТО өздөрүнүн аткарып жаткан иштери боюнча маалымат беришип, тазалык иштери татаалдашып жаткандыгын айтышты. Айрыкча 1-кичи райондун жашоочулары таштандыларды баш аламан таштап, атайын урналарга жакын баруудан оолак болушуп жаткандыгы айтылды.
Көпчүлүк ижараларда үй ээлери эмес, квартиранттар, студенттер жашагандыгы белгиленип, кварталдык комитеттер бул боюнча иш алып баруулары керек экендиги белгиленди.
Жалгыз гана 1-Май АТОсунун аткарган иштери жакшы деп табылды.
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити