Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине караштуу, Кызыл-Кыя шаарындагы «Динома» тигүү фабрикасы жакында эле өзгөчө кызматы үчүн, андагы эмгектенгендер сыйлык алууга татыктуу болушту.
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан берилген 3 миллион 730 миң 522 сомдук буйрутма кабыл алынып, жакында эле түзүлгөн министрликтин алдындагы атайын полктун 600 кызматкерине костюм-шым, баш кийим, жылуу шым, жылуу куртка жана токулма көйнөк даярдалган.
Кыска аралыкта буйрутманы аткаруу үчүн «Динома» тигүү фабрикасынын 49 жумушчусу тынымсыз иштөөгө туура келген. Өзгөчө «Кызгалдак», «Гүлкайыр» бригадасынын тигүүчүлөрү чоң күч беришип, иштин өз убагында аткарылышына шарт түзүшкөн.
Фабриканын директору Абдиллпатта Кулматовдун билдирүүсүндө, тигүү фабрикасы мындан да чоң көлөмдөгү иштерди аткарууга толук мүмкүнчүлүк бар экендигин билдирди.
Ал эми индикативдик план 8 миллион 600 сом болсо, аны 9 миллион 980 миң сомго ашыра аткарган. Салык, социалдык фонд, коммуналдык кызматтардан ишкана карыз болгон эмес.
Кудай буйруса Түштүк регионуна дагы атайын полктун уюштурулушу күтүлүүдө. Ал ишке ашып калса, дагы 500 даана жылуу кийимдерге буйрутма алышмакчы. Учурда мына ошого карата даярдыктар көрүлүүдө.
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити