БИЛИМ

Достук, ынтымактыкты бекемдеп

Кызыл-Кыя шаарында Нооруз майрамы «Кыргыз-Түрк себат» лицейинен башталды. 20-март күнү эртең мененки саат 10до, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев, шаардык Кеңештин төрагасы Асилбек Маткалыков, вице-мэрлер Э. Топчубаев менен Ж. Рахматуллаев мырзаларды лицейдин директору Мемет Кара өзү тосуп алды.

Сүрөт автордуку

Сүрөт автордуку
Дагы сүрөттөр →

Лицейдин айланасы майрамдык шаңга бөлөнүп, түркүн түстөгү шар менен курчалып, Кыргыз Республикасы жана Түркиянын желеги боз үй боорунда желбиреп турду. Майрамга келген окуучулар эле эмес, келген ата-энелерди да ыраазы болушуп, зор кубанычка бөлөнүп турушту.
Лицейдин эмгек жамаатты тарабынан даярдалган сүмөлөктү ачып берүү салтанаттына шаар жетекчилери катышып, ак тилектерин билдиришип, бата тилешти.
Жыйын салтанаттын А. Халмурзаев ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Андан кийин сөз алган шаардык Кеңештин төрагасы А. Маткалыков окуу жайдын келечегине токтолуп, эмгек жамаатка ийгиликтерди ыроолоду.
Салтанат кечке чейин шаңдуу музыка жана спорт оюндары менен коштолду.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу