МЕЗГИЛ, ИНСАН, ОКУЯ

Эстен чыккан эр жүрөктөр

ЗАБОЙДО КАЛГАН БАЛАЛЫК
Кызыл-Кыя шаарында жашаган 87 жаштагы Мария Ивановна Клименконун үйүнө баш бакканыбызда, ал көздөрүнө жаш алып, кубаныч менен бизди кабыл алды.

Шахтерлордун күнүнө карата биз менен бирге Кызыл-Кыя шаарынын 1- вице-мэри Мурат Ураимов, шаардык Ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыганы Абдыкадыров мырзалар бирге болушту.

Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Мария Ивановна Клименко жаштык курагын эскерип төмөнкүлөрдү айтып жатты…

-Мен 15 жашымда № 1 шахтага ишке кирдим. Жашыман эле чымыр денелүү, тири карак окшойм, мени жардыруучулардын бригадасына кошуп коюшту. Согуштун алоолонуп турган 1942-жыл болчу. Ишти жалаң кары-картаңдар, анын бизге окшогон балдар колго алган учур эле. Аскерге жарактуулардын баарысы согушка кетип, эр-жигиттердин ишин аялдар аткарып калган. Өткөөлчүлөргө жардыруучу заттарды ташып, андан чыгып забойдогу таштарды жүктөөгө жардам кылар элек. Ал убакта саат менен иштөөнү унутуп койгонбуз. Күнү-түнү забойдо жатып эс алганда кайрадан иштей берер эле. Бизде бир гана максат болгон, ал «тылда иштеп, жеңишти камсыз кылуу» болчу. Таң эртеден 10 кг. жардыруучу затты колтугума кысып алып, далай ирет өткөөлчүлөргө ташыган күндөрүм азыр да көз алдыма тартылат. Жер алдындагы жашоого көнүп, алтындай болгон балалыгым забойдо калды.

Азыркы заман укмуш да, анда эки кесим кара нанга май сүйкөп, кайнатылган кара чайды ичип, бир жумада эки жолу ысык тамак же 100 грамм колбаса берилчү. Ошого да ыраазы болуп, эмгек кылып согушка жардамыбыз тийсин деп эмгектендик.

Мария Ивановна көзүнөн аккан жашты жеңинин учу менен аарчып сөзүн улады.

– Эс кайран СССР урагандан кийин шахтерлорду эстеген деле адам калбай калды көрүнөт. Алган пенциям айдан айга жетпей, эптеп күн кечирип келем. Жолдошум 2003-жылы кайтыш болгон. Ал эки жолку «Кызыл жылдыз» орденинин ээси болчу. Бир кызым бар, ал да Россияга кеткен. Азыр жалгыз турам. Карыгандагы жалгыздык курусун.

Акыркы жылдарда мени эч ким деле эсине алып койгон эмес. Силердин келгениңерге чыны толкундап турам-деди тармыштары тартылган арык колдору менен жүзүн сылып.

-Мария Ивановна, өкмөттүк сыйлыктардан алган белеңиз?-дедим сөз арасында.

-Беришкен. Ленин орденине чейин алдым. Андан башка да бир канча орден-медалдарым бар. «Ардак громаталар», акчалай сыйлыктарга эчен жолу арзыдым. Эмгегим бааланбай калды дебейм, тек гана карыган кезде жалгыздык кыйнап келет. Бир кезде үйүмдүн эшиги жабылбай, күн-түн кирген адамдын карааны үзүлбөгөнү, азыр да жүрөгүмдү жылытып, өзүмчө сүйүнүп коем.

Бир кездеги белгилүү шахтер, Ленин орденинин ээси Мария Ивановна Клименконун жанында кыйлага чейин олтурдук. Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Мурат Ураимов менен Ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдыганы Абдыкадыров мырзалар 1000 сомдон шахтерлор күнүнө деп акча узатышты.

Бул кубанычты өзгөчө кабыл алган Мария Ивановна, толкунданып дагы бир жолу жашып алды. Мезгилдин мерчеминде билинбей тээ бир кезде өзгөчө эмгек кылган шахтерлордун катарында турган дагы бир шахтердун үйүнө карай бет алдык. Ал 90 жашка кирип калган Зайтуна Мустафина эне эле.

Ал да № 1 шахтада электровоз-машинист болуп эмгектенген. Ленин орденинин ээси. 1940-жылдан баштап эмгектенген. Масалиев көчөсүндөгү 65-1 батиринде жашайт. Жалгыз. Уул-кыз көргөн эмес. Кошуна-колоңдордун жардамы аркасында жашап келет. Зайтуна эне толкунданганынан эч нерсе айта алган жок. Көөдөнүндөгү көргөн- билгенин көз жашы менен гана төгүп олтурду.

Замандын жаркын күндөрүн бизге тартуулаган шахтерлордун шаарында, дагы канча бизге билинбеген шахтерлор бар экен деген ой пайда болду. Булар биздин жашообузду жаркытып, келечегибизге жол салган адамдар эмес беле? А бүгүн карылыктын бешигинде термелип, кызгалдактай ыргалып турган учуру. Алардын чын эле алтындай балалыгы жер алдында, забойдо калбадыбы беле…

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Close