МЕДИЦИНА

Гипократтын анты ургурлар…

Касымовдун кайдыгерлигиби же?…
Үстүбүздөгү жылдын 8-январь күнү түштөн кийин, саат 16.30дар чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы борборлоштурулган ооруканасынын траматология бөлүмүнө, 2.5 жашар Умида аттуу наристенин колу ооруп жаткандыктан, аны жогоруда аталган бөлүмгө алып барууга туура келди. Биз барганда «премный покойдо» олтурган медсестра Гүлжамал Маматова, 19- кабинетке же трамотология бөлүмүнө кайрылуубузду айтты. 19- кабинетке чыгып, анда эч ким жоктугунан кыйла күтүп олтуруп, кайра бөлүмгө келдик. Ал жерден да эч кимди таба албай 2-кабатка чыгып, мед. сестраларды жардамга чакырдык. Алар ары басып бери басып эч кимди таба албай нөөмөткө келчү врачты күтүп жатышты.
Наристенин чыркыраган үнүн эч ким укпагандай ары бари басып жүргөн ак халатчандарды көрүп таң калдым. Бири да басып келип сурап койгонго жарабады. Андагы врачтардын айрымдары үйгө шашып, айрымдары жөн эле желбегей жамынган халаттарын кымтылап басып жүрүштү. Кыясы мындай оорулууларды көрө берип жүрөктөрү таш болуп катып калышкандай.
Далбастаган наристенин абалынан эмне кылар айла таппай турганда, хирургия бөлүмүнөн чыга келген Султан Абдувалиев (эгер жаңылышпасам) аттуу врач келип, рентгенге кирип сүрөткө тартырып чыгууну буйруду. Баланы рентгенге тартырып келип, кимге кирерибизди билбей турдук. Врачтар жок.
Бир кезде сырттан кирген врачты көрсөтүшүп-ушул трамотолог врач Өмүрбек Касымов-дешти. Ага барып абалды түшүндүргөнчө эле, кыйкырып кирсе боло.
-Саат беш болуп калды. Эч кимди көрбөйм… Кыскасы, ал жердеги абал ызы-чууга айланып, врачтын оозунан ак ит кирип, көк ит чыгып жатты. Ушунчалык адамдык абийир күтө албаган Өмүрбек Касымов бул жерде кантип иштеп жатканына таң калдык. Ак халат кийип абийир, урмат-сыйды билбеген мындай врачтын колунан кандай адам айыгып чыгар экен?
Акыры ызы-чуудан кийин, борборлоштурулган оорукананын башкы врачы Абдурасул Жаныбековго кайрылалы,- жүр- дегенибизде, атасына таарынган кыздан бетер экинчи кабатка качып жөнөдү. Артынан барып ак-караны териштирели, аты-жөнүңдү айт-десек, -Айтпаймын, колуңдан келсе асманыңды таштап жибер, колуңардан эч нерсе келбейт, мени эч нерсе кыла албайсыңар-деп, биринчи кабатка түшүп чоң эшиктен чыгып кеткени ого бетер өкүнүчкө салды.
Адамдык абийири чыдабады көрүнөт, алдыбызда турган врач Султан Абдувалиев,- Ошол үчүн мен кечирим сурайм, кечирип койгула-деди. Бир учурдагы эки адамдын кулк-мүнөзүнө эмне десе болот? Ар бир адам болгондо да Гипократтын анттын алган адамдардын кебете-кешпирине назар буруңуздарчы. Башкы дарыгердин кеңсесине чыктык. Иш ордунда эмес экен. Кайра төмөн түшүп, медсестра Глжамал Маматовадан «ой, пикир» (книга жалоб) китепчесин сурасак, кичинекей кутучаны көрсөтүп, -менде андай китеп жок-деп жооп берди.
Кыскасын айтканда, бул борборлоштурулган ооруканадагы бир аз убакыттагы эле көрүнүш. Балким мындай көрүнүштөр башка бөлүмдөрдө да бар чыгар. Ага эл күбө. Менин айтайын дегеним, эл ишенген, үмүт кылып келген борборлоштурулган оорукана ушул болсо, анда аманат жандан үмүт үзүлгөнү ушул деп бүтүм чыгардым. Акыркы жылдарда элдин агымы менчик ооруканаларга агылганы бекер эмес тура. Бул турмуш чындыгы. Адамдын эң кымбатты да, асыроочу назик сезими да көңүл. Ак халатчандардын бир жакшы девизи бар эле, «дары менен эмес, сөз менен айыктырабыз»-деген. Кыязы, Өмүрбек Касымов бул сөздү уккан да эместей.
Сөз соңунда айтарыбыз, борборлоштурулган оорукананын башкы врачы Абдурсул Жаныбеков мырза, Ө. Касымовго чара көрүп анын жыйынтыгын гезит аркылуу элге жарыя кылат деген үмүттөбүз. Эгер чара көрө албаса, Саламаттыкты сактоо министрлигине чейин чыгып, анын так жообун элге жарыялоо жагын редакция өз мойнуна алат.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген