КООПСУЗДУК

Каңырыкты түтөткөн «кара кагаздар»

Акыркы кездердеги дин коопсуздугуна жана Сирия синдромуна олуттуу көңүл бурула баштаганы, бул тамырдын тереңдеп кеткендигинен десек туура болчудай көрүнөт. Анткен акыркы күндөрдө Сириядагы согуштан Кыргызстанга карай болгондо да Кызыл-Кыя шаарына Ата Мекендик Улуу согуштан «кара кагаз» келгендей келе баштаганы өкүндүрөт.
Кызыл-Кыя шаарынан Сирияга кеткен беш кыргызстандык жарандын экөөбү ошол жерде көз жумуп, сөөгү кайра кайтпай калганы бир эсе өкүндүрсө, бир эсе толгон токой суроолордун бүгүн чечилиши зарыл экендигинен кабар бергенсийт. Жарадар болуп кайтып келген жараныбыздын жан далбастап, кайда барарын билбей камалып олтурганы, ачыкка чыгып айтар сөзү айта албай сыздаганы жакшылыктын жышаанасы эмес экендигин кимдер билип кимдер билбейт.
Шаардык УКМКнын жетекчисинин маалымат каражаттарына берген маегинде, тартип коргоо органдарынын расмий эскертүүлөрүнө карабай, Сирияга жөнөп жаткан 10 жарандын бешөөсү араң артка кайткан. Калганынын тагдырлары бүгүнкү күнгө чейин белгисиз.
Ал эми ата-энелерине, тууган-уруктарына айтпай кетип калган канча жаран бар экендиги белгиз бойдон калууда. Сирияга кеткендердин аман-эсен кайра кайрылып келерине такыр эле үмүт жок. Анткени алар жашыруун жол менен кетип жаткандыктан алардын артынан сурап алар эч кандай документ же дагы башка бир илинчектер болбой каларын неге түшүнүшпөйт болду экен алар. Согуш деген согуш. Согуш бар жерде сөзсүз өлүм болот. Анысы аз келгенсип тирүү кайтып келгенде деле өлкөнүн толук кандуу, мыйзамды сыйлаган жараны катары өз жашоосун улап кетиши күмөнсүрөтөт.
Кыргызстанда өткөн жылы УКМК тарабынан Кыргызстанда 7 топ кармалып, ал топтордо жалпысынан 20дан ашык адам болгону маалым. Кармалгандардын көпчүлүгү Сириядагы согушка катышып келгендер, арасында кошуна өлкөлөрдүн да жарандары бар экендиги ачыкталган. Жакында эле Ош шаарында террорчулук күмөндөлүп кармалгандардын анабашы Кара-Суу районундагы мечиттердин имам-наиби экендиги билинди. 14-февраль күнү Сириядагы атайын террорчул лагерден машыгуудан өткөн террорчул топтун 6 мүчөсү кармалган. Жакында эле Өзбекстан ислам кыймылынын активдүү мүчөсү колго түшүрүлүп, Пакистандын Вазиристан провинциясында аскердик атайын машыгуудан өткөн соң, Түркияга ооп, кыргыз жарандарын Сирия оппозициясы тарабынан согушууга азгыруу максатында Ош шаарына түз эле Орусия аркылуу келгенин айтып берген. Жан кейиткен мындай көрүнүштөрдү кагазга оробой эле ачык айтпасак болчудай эмес. Айрым бир маалыматтарга таянсак, Сирияга алдап жөнөткөн бир адамдын башына ортомчулар 500 доллардан акы алышат экен.
Кызыл-Кыя шаары менен Үч-Коргон айылдарында күмөн санаткан шектүүлөрдүн саны аздабай, андан-мындан көрүнө калып жатканы ого бетер түйшөлткөнүн жашырганга болбос. Динге жамынып алып, сакал-мурут коюп сыртынан сылык көрүнгөн менен, ичиндеги «ит өлүктөр» кийин билинип жатпайбы. Андыктан шарият жолун так, даана көрсөтүп, мечиттерде, аш-тойлордо «чала молдо дин бузарларга» сөз бере бербей, аттуу-баштуулар мектептерде, жогорку окуу жайларда жолугушууларды тез-тез уюштуруп, диндин ак жолун айтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп турушса жакшы болор беле деген ой келет.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу