Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары кыргыз-тажик чек арасы аркылуу күйүүчү-майлоочу майды алып өткөн шлангды табышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашкан.
Шланг Интернационал айылында аткезчиликке каршы жүргүзүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө табылды.
Чек арачылар ошондой эле күйүүчү майдын калдыгы менен жүк унаасынын изин табышты.
Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлгөндөн кийин шланг жок кылынды.
Барометр.kg