ЭКОНОМИКА

Министрлердин эл менен жолугушуусу

Кызыл-Кыя шаарындагы мэриянын чоң залында, Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, КРнын эмгек миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов, КРнын экономика министринин орун басары Д. Ибраев, КРнын мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Т. Масадиров, КРнын Өкмөтүнүн Баткен робластындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Разаков баштаган топ, шаар активи менен жыйын өткөрүп, негизги маселе бажы биримдигине өтүү, андагы проблемалар жана жетишкендиктер жөнүндө сөз болду.
Жыйынды алып барган шаардын мэри А.А. Халмурзаев конокторду тааныштырган соң, келген меймандарга сөз узатты. Сөз кезегин алышкан министрлер бажы биримдиги тууралуу өз пикирлерин билдирип, соода, айыл чарбасы, айлык акы, тамак-аштардын баалары жөнүндө кеңири ой бөлүшүштү.
Залдан түшкөн суроолорго атайын жооптор берилип, келген актив министрлерге өз ыраазычылыктарын билдиришти.
Жыйын жылуу маанайда өттү.

Абдукаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу