ЭКОНОМИКА

Жаңы жабдуулар

USAID жергиликтүү өнүгүү программасы Баткен областындагы айыл чарба ишканаларынын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү демилгесинин натыйжасында, 2013-жылдын 23-июлунда Кызыл-Кыя шаарында USAID жергиликтүү өнүгүү программасы тарабынан «Агропласт» айыл чарба бирикмесине тапшырылган жаңы жабдуулардын бет ачары болуп өттү.

Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Алгач сөз алган USAIDтин Баткен областты боюнча координатору Нурбек Мадумаров, бирикмеге берилип жаткан жаңы мөмө-жемиштердин шире чыгаруучу жабдык менен жабдылышы түздөн-түз бэг-ин-бокс (куту ичиндеги пакет) упаковкасына куюп чыгаруу, ассортиментти жаңы продукция түрлөрү менен кеңейтилип, өлкө рынокторуна сунушталарын белгиледи.
Мына ошонун негизинде «Агропласт» ишканасынын өндүрүштүк жаңы деңгээлге чыгуу жолу ачылып, продукциясынын сапатын жана соода көлөмүн жогорлатуу мүмкүнчүлүгүн алганын айтып, өз кезегинде «Агропласт» ишканасы тийешелүү эмгек шарттарын жана санитардык нормаларга ылайыктуулукту камсыз кылып, өндүрүш имараттарын оңдоп-түзүгө жетишкенин айтып өттү.
Жашылча-мөмөлөр боюнча атайын адис Эсенгүл…………………….ва, жаңы жабдуу мөмө-жемиш өндүрүү менен алектенген фермерлерге сезон учурунда алма, өрүк жана башка жемиштерди сатууда жакындан жардам берерин, сатып алуу тууралуу алдын ала түзүлгөн келишимдердин натыйжаларына токтолду.
«Агропласт» ишканасынын директору Бердигул Абдибаитов жаңы жабдууларды алууда USAID жергиликтүү өнүгүү программасынын кошкон салымына ыраазычылык билдирип, мындан ары да тыгыз кызматташууну колго аларын айтты.
Чындыгында жаңы ишке берилген жабдыктардын шире чыгаруу учурунда жогорку сапатта экендиги көрүнүп турду. Кол күчүнө да анчалык муктаждыктар жок. Баардыгы автоматташтырылган. Эми дыйкан чармалар менен келишим түзүп, сапаттуу продукция чыгарып элге тартуулоо гана калды.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу