Жакында биз Кызыл-Кыя шаарындагы «Дан» ААКда болуп, анын директору Данияр Абишович Халмурзаев менен, учурдагы аткарылып жаткан иштер туурасында маектештик. Төмөндө мына ошол маекти сиздерге сунуштайбыз.
–Данияр Абишович, «Дан» ААКнун үнү жылдагыдай угулбай калды, учурда эмне менен электенип жатасыздар?
-Өзүңүзгө белгилүү да, 2004-жылдан бери бул ишканада иштеп келе жатам. Иш багыттын аңдап, эми гана анын өйдө-ылдыйына баа берүүгө жетиштим десем болот. Бир сөз менен айтканда, учурда элдин буудайын тартып, аны байыттылган унга айландырып берүүдөбүз. Ошону менен катар Өзбекстандан келген жер семирткичтерди, Баткен областы боюнча айыл өкмөттөргө таркатуу да биздин моюнга жүктөлгөн. Мына ушулардын артында иштеп жатабыз.
–Жазга карата камылга быйыл эрте башталганбы?
-Ооба, анткени дыйкандарга жер семирткичтерди эрте берсек, күздө сепкен буудайларга, бедеге, сулууга ошондой эле бак-дарактарга жер семиркичтер алдын-ала берилип, алардын толук кандуу өсүүсүнө шарт түзүлөт.
Азыркы кезде айрым бак-дарактарды буттоо (обрезка) башталып калды. Ошондуктан бул ишти кечиктирбестен, колдон келишинче элге, айыл өкмөттөрүнө жеткирүү зарылчылыгы турат.
–Жер семирткичтерди өзүңүздөр алып келдиңиздерби?
-Жок. Бул Өкмөт тарабынан берилген жер семирткичтер. Биздин жайгашкан ордубуз, башка чөлкөмдөргө караганда темир жолго жакын, ыңгайлуу болгондуктан бизге жүктөлгөн. Учурда 8 вагон жер семирткич келди. Дагы келет деп күтүп жатабыз.
–Баасы канчадан экен?
-Азырынча бизге так маалымат келе элек. Бирок, базар баасынан бир кыйла төмөн экендигине шек жок. Жол акысы кошулганда 16 сом 50 тыйын болот. Анткени, Өкмөт дыйкандардын «жеңилин жерден, оорун колдон алабыз» деп ушул ишти жасап жатпайбы.
–Данияр, кайрадан өзүңдүн ишканаңа келели. Силер элден алган буудайды тегирменден өткөрүп берип эле отурасыңарбы же буудайды башка жактардан алып келип кайра иштетип ун кылып чыгарып базарга чыгарып жатасыңарбы?
-Чынын айтканда, өткөн жылдан бери чет жакадан буудай алып келүү кыйынга туруп жатат. Өзүбүздүн дыйкандар эккен буудайлар стандартка жооп бербейт. Көпчүлүк буудайлар суюлуп, камыр кылганга мүмкүнчүлүк бербей жатса, экинчиден сапаттуулугу начар экендигин моюнга алыш керек. Биз үчүн жергиликтүү дыйкандардын буудайын алган алибетте ыңгайлуу баасы арзан, жол кире да анчалык жогору эмес. Тилекке каршы жогоркудай талаптарга жооп бербегендиктен, алыскы жерлерден алып келүүгө муктаж болгонубуз чындык.
Буудай сатып алуудагы дагы бир көйгөй, учурда дыйкандар эмнегедир буудай эгүүнү туура көрбөй калышты. Тандап сатууга же алууга эле эмес, жегенге да экпегендер бар. Талаада бош калган жерлерге жаңы сорттогу буудайларды эгип бизге тапшырышса,
менимче жаман болбос эле. Нан-байлык экендигин баары эле билет эмеспи.
Биз Бишкек, Талас, Чүй, Казакстан, Россиядан тартып келген буудайлардын баасы жогору болуп кеткендиктен, элдин капчыгына оор болбосун деп арзандаткан менен, анын кайтарымы болбой катканы өкүндүрөт.
–Өкмөт тарабынан сиздерге кандайдыр бир жеңилдиктер каралган эмеспи?
-Каралган эмес десек туура болбой калар, каралган. Элдин буудайын тартып берсек НДС менен киреше салыгынан бошотулабыз. Бул деле жакшы жөрөлгө деңизчи, бирок андан сырткаркы толгон-токой тушоолор, кайра иштетүүчү ишканалардын жолун бууп, анын жанданып кетүүсүнө шарт түзбөй жатканын жашырганда болбостур.
Кайра иштетүүчү ишкана биздин шаарда экөө эле. Бири биз, экинчиси Агропласт. Эгер кайра иштетүүчү ишканаларга жол ачылганда бир канча ишканалар ачылмак да, туурабы?
–Жыл башталып калды, кандай пландардын үстүндө иштеп жатасыңар?
-Пландар көп эле. Мыйзамдардын бири-бирине карма-каршы келген жерлери ойлондурууда. Ишканынын ичинде нан бышыруучу, макарон цехин ачсак дегенбиз. Биздин чыгарган азык-түлүктөрдүн баасы жеке ишкерлердикинен кымбатка түшөт экен. Себеби, алар патент менен иштешет. А биздин завод ошол эле товарларды чыгаруу менен чоң көлөмдөгү сумманы төлөп калуу коркунучу бар. Анан дагы биз чыгарган товарлар кымбат баада болуп, базарда өзүн эркин сезбегендиктен кыйналып калуучудайбыз.
Кыскасы, элге арзан, базарда өтүмдүү товар чыгаруу негизги максат.
–Ырахмат, тилегиңе жет Данияр.
-Сиздерге да ийгилик болсун.
Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити