ЖАНЫБАРЛАР

Эшектерге депорт, иттерге өлүм

Кыш айлары экендигине карабай, шаардын көчөлөрүндө топ-топ болуп жүргөн эшектер жана иттердин саны көбөйдү. Бул боюнча шаардык мэрия алдындагы менчик муниципалдык мекеме ар тараптан бул көрүнүштү четтетүүнүн үстүндө иштеп жаткандыгына карабай, алардын саны азайган жок.
Эшектерди жүк ташуучу унааларга жүктөп шаардан алыс алып барып эл жашабаган жерлерге, ошондой эле Өзбекстан менен чектеш аймактарга жеткирилүүдө. Ал эми жолбун иттер атылууда. Куралга салынып атылган бир ок 250 сом, ал эми бир ит аткан мергенге 30 сом төлөнөт. Ошентип бир иттин өлүмү 280 сомго туура келүүдө.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген