АВТО

Баткенде мас болуп алып унаа айдаган адамдар кармалды

Баткен облусунда унаа кырсыктарды алдын алуу боюнча рейд өтүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 31-июлдан 15-августка чейин «Рулда» деген аталыштагы рейддик иш-чара дайындалган. Анын жүрүшүндө жол эрежесин бузганы үчүн 492 айдоочу кармалды. Анын ичинен 14 айдоочу спирт ичимдигин ичкени жана 3 айдоочу унаасынын алдыңкы айнектерин караңгылатканы аныкталган. Аларга протоколдор толтурулду.

 

Turmush

 

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген