МАДАНИЯТ

“Манастын уулу Семетей” тасмасынын тартууну токтотууну талап кылышууда

Бир катар манасчылар “Манастын уулу Семетей” тасмасын тартууну токтотуу талабын коюшту, анткени фильмдин сценарийинде Жалил Сыдыковдун пьесасына жана эпостун текстине дал келбеген жагдайлар бар.

Бул тууралуу бүгүн, 10-августта болгон басма сөз жыйынында манасчылар билдиришкен.

Манасчы Рыспай Исаковдун айтымында, фильмдин сценарийинде одоно каталар бар.

“Мамлекет өзү көзөмөлгө алыш керек болчу.Семетейге, кыргыз элине жалаа жабуу бар. Тасмада Семетейдин соода жөнүндө айтканы жана апостолдорго ыраазычылык билдиргени анын кадыр-баркына доо кетирет”,-деп билдирди Исаков.

Басма сөз жыйынынын катышуучуларынын айтымында, тасманын 60 пайызы тартылып бүттү.

Манасчылар президент Садыр Жапаровдон, өкмөттөн жана парламенттен, Маданият, маалымат министрлигинен алардын пикирин эске алууну өтүнүшүп, чара колдонууну сунушташты.

 

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу