Жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселелерди алдын алуу максатында Баткен жана Согди облустарынын жетекчилери баштаган күч түзүмдөрү жолукмакчы.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 12-август күнү Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкүлчүлүк билдирди.
Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы окоп казуу аракеттерин токтотуу жана башка чек арага жакын аймактардагы тажик тараптын жүргүзүп жаткан курулуш иштерин (тосмо) талкуулаган.
“Натыйжада Лейлек районунун Катта Туз участкасындагы кыргыз-тажик чек арасында тажик чек арачылары казган окоп жана Лейлек районунун Максат айылына жакын курулуп жаткан тосмонун курулушу токтотулуп, казылган жер кайрадан толтурулду”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, жакынкы аралыкта чек аралаш аймактардагы жаралган көйгөйлүү маселелерди алдын алуу жана болтурбоо максатында Баткен менен Согди облустарынын жетекчилери баштаган күч түзүмдөрү жолукмакчы.
Спутник.kg