КОРОНАВИРУС COVID-19

Окумуштуу: Кезектеги пандемия ээрип жаткан муздардан келиши мүмкүн

Covid тууралуу бестселлер жазган, дүйнөгө белгилүү биолог Анирбан Махапатра пандемиянын жаңы түрү тез эрип жаткан муздардан улам келип чыгат деп билдирди.

Ар түрдүү оорулар менен ооруп өлгөн жана түбөлүк музда тоңуп калган жаныбарлардын сөөктөрү кезектеги пандемияга жол ачышы мүмкүн деп эсептейт.

Микробиолог Анирбан Махапатранын айтымында, сибир жарасы, чечек, столбняк жана башка белгисиз оорулар артикалык муздарда миңдеген, ал тургай миллиондогон жылдар бою жатышы мүмкүн деп болжойт.

Иш жүзүндө андай фактылар да көп.

Беш жыл мурда арктиканын түбөлүк музу эригенде Сибир жарасы менен ооруп өлгөн бугулардын сөөктөрү аркылуу жергиликтүү калкка аталган дарт жукканын болжошкон болчу. Бул окуяда 12 жаштагы бала көз жумуп, дартты жугузган 100дөгөн учурлар катталган.

Доктор Махапатра мөңгүлөрдө ондогон, жүздөгөн жана миллиондогон жылдар бою жаткан вирустар бар деп эсептейт.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген