ЧЕК АРА

Баткенде тажиктер окоп казып жатабы? Бүгүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт

Чек арага жакын жерлерге тажик тарап окопторду казып жаткандыгы маалым болгон. Кырдаалды талкуулоо максатында бүгүн облустагы өкүлчүлүктө күч түзүмдөрү менен биргеликте чукул жыйын уюштурулду.

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында тажик тарап казып жаткан окоптор боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. Бул маалыматты президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.

Билдирүүгө ылайык, чек арага жакын жерлерге тажик тарап окопторду казып жаткандыгы маалым болгон. Кырдаалды талкуулоо максатында бүгүн, 12-август күнү, облустагы өкүлчүлүктө күч түзүмдөрү менен биргеликте чукул жыйын уюштурулду. Анда чек арада болуп жаткан кырдаал талкууланып, тапшырмалар коюлду. Бул боюнча учурда Тажикстан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

“Тажикстандын Согди облусунун жетекчилиги менен жакынкы күндөрдө жолугушуу болуп, чек арадагы абал боюнча сүйлөшүү жүргүзүлөт”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда 11-август күнү болгон окуя иликтенип жатат. Анда Лейлек районунун Интернационал айылындагы аймактык оорукананын терезесине ок атуу болгон.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Баткендин Көк-Таш айылындагы Төрт-Көчө аймагында Баткен районунун акими, тиешелүү укук коргоо органдары тажик тараптын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн жолугат.

Sputnik.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген