КОРОНАВИРУС COVID-19

Эмделүүгө каршыбыз. Францияда полиция митингчилерге күч колдонду

Франциянын 150 шаарында 230 миңдей адам “сантардык маалымат катка” каршы болушуп эс алуу күндөрү нааразылык акцияларына чыгышты. Акцияга чыккандар менен полиция кагылышты, көздөн жаш чыгаруучу газ колдонулду.

Парижде дароо 4 райондо жүрүш болуп, полиция менен чатак чыгып, алар көздөн жаш агызуучу газды колдонушту.

Лион, Ницце, Тулон, Монпелье, Марселе жана Перпиньянда миңдеген адамдар көчөгө чыгышты.

35 адам кармалып, 7 полиция жеңил жаракат алышты.

Франциянын конституциялык кеңеши ресторандарга, учактарга, унаада жүргөндө талап кылына турган ПЦР-тесттин жыйынтыгы менен эмдөө алганы тууралуу маалымат катты милдетүү түрдө көрсөтүү тууралуу мыйзам долбоорун колдоду. Аталган мыйзам 9-августта күчүнө кирет.

Нааразы болгондор “эмдөөнү милдеттүү кылып жатасыңар, мындан улам адам укуктары бузулууда” дешүүдө. Ушуну менен төрт аптадан бери алар ар бир ишемби сайын митингге чыгып жатышат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген