МАДАНИЯТ

МакSим: Баарыңарга салам, мен кайрадан сиздер мененмин!

Россиялык ырчы МакSим (Марина Абросимова) командан чыккандан кийин алгач ирет өзүнүн Instagram баракчасына пост бөлүшкөн.

“Баарыңарга салам, мен кайрадан сиздер мененмин!  Биринчи кезекте ушул убакка чейин мени чын дилден колдогондорго ыраазычылык билдирем.Бул мен үчүн абдан жагымдуу болду. Дарыгерлер “канча күн комада жаттың?” деп сурашканда мен 2 күн деп жооп бердим. Бир ай өтүп кеткенине ишене алган жокмун. Мурдагыдай эле азыр алсызмын, басайын десем башым айланат. Бирок жакында үй-бүлөмө кайтып барып, баарын кучактайм деген оюм бар. Өпкөм азыр калыбына келип жатканын айтышты”,-деп жазды ырчы.

Буга чейин ырчыны жасалма комадан чыгарышып, палатага которуша турганы маалымдалган болчу.

Эскерте кетсек, 38 жаштагы ырчы МакSим 17-июнда коронавирустан жабыркап ооруканага түшкөн, бир нече күндөн кийин ал жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган, абалы оор бойдон калып жатканын буга чейин ЖМКлар кабарлап келишкен.

Барометр.kg

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу