МАЕК

Cуу маселеси негизги көйгөй бирок, чечилүүдө

Кызыл — Кыя – Сууканалынын жалпы аннотациясы

«Кызыл — Кыя — Сууканал» муниципалдык мекемеси алгач 1924-жылы түзүлүп, 1938-жылы, андан кийин 1956-жылы кайра мамлекеттик мекеме болуп, андан соң кайра 1982 –жылы ачылган. Анын аткарган негизги кызматы ичилүүчү таза сууну элге жеткирүү, ыплас сууларды тазалоо болуп эсептелинет. Кубаттуулугу 900 м. куб. Ишкана өзүн-өзү каржылоого өтүп, жалпысынан бул мекемеде 118 адам эмгектенет.

Жетекчиси Абдилазиз Амирович Сатыбалдыев

Абдилазиз Сатыбалдыев Сүрөт автордуку

Абдилазиз Сатыбалдыев
Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

Мекеме «Кулуштан», «Тактек» жана «Исфайрам» үч суу алуучу жайдан турат.
Үч суу алуучу жайдан келген суу менен жалпы шаардын 326 км аралыктагы суу түтүктөрү аркылуу камсыздайт. «Кулуштан» жана «Тактек» участкасындагы скважиналар артизиандык насостор тереңдиги 80-120 м жерден суу чыгарып, Д 300 мм жана 600 мм болгон куурлар менен шаарга суу берет. Шаарга чейинки аралык 17 км. Ички жана сырткы суу кууларынын жалпы узундугу 364км.
«Кызыл-Кыя Сууканал» Дүйнөлүк Банктын программасына 2007- жылы кирген.
«Кулуштан» суу сактагычынын үч скважинасына жогорку кубаттуулуктагы КПД насосу орнотулган. Экинчи көтөрүлүштөгү насостук станцияны, жогорку КПД менен эки насосту орнотуп, 2011-жылы кошумча Д-320 насосу коюлган. Хлоратор станциясы кайра курулду.
«Кулуштан » учаскасында 6 скавжина бар кубаттуулугу 22 квттан, электро энергияга сарпталуучу чыгым 1629.0 миң сомду түзөт.
«Тактек » участкасында 5 скважина бар. Азыркы күндө 3 скважина кубааттулугу 22 квттан
электр энергияга сарпталат. Ага кеткен чыгым 405.8 миң сом.
«Исфайрам» суу алуучу жайынан кубаттуулугу 115 квт саатына 315.71 м. куб. болгон 4 насос менен шаарга чейинки 14.5 км аралыкка Д- 530 мм болгон куурлар менен суу келтирилген.
Шаардын 70 пайызын тейлейт .
Исфайрам суу алуучу жайында 4 насос ремонттолуп иштөөдө. Насостордун маркасы DE 315. 71 кубаттуулугу 315 м.куб саатына. Бир насосту иштетүү үчүн кетүүчү электр энергия 115 квт. саат. Электро энергияга кеткен чыгым 2014 .0 миң сомду түзөт.
Насостордун электр энергияга болгон жалпы чыгымы 4048,8 миң сом. Кызыл-Кыя шаары боюнча 10709 кожолук, Караван айылы боюнча 687 кожолук, Ак-Булак айылы боюнча 103 кожолук, Жин-Жиген айылы боюнча 83 кожолук, Боз айылдары боюнча 53 кожолук, Кулуштан айылы боюнча 57 кожолукту таза ичилүүчү суу менен тейлейт.
Таза суудан шаардын тургундарынын пайдалануусу 87, бюджеттик мекеме уюмдарды тейлөө 11, өндүрүштүк мекемелерди тейлөө 2 пайызды түзөт.
«Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин ээлеген аянты 123833 м. кв. Мекеменин ыплас суулардан тазалоо участкасынын кубаттулугу 25 миң. м.куб. Ыплас суулардын шаардын ичиндеги аралыгы 22 км.
Азыркы күндө ички тармактагы суу келүүчү куурлардын жана ыплас суулардын куурларынын жараксыз абалы 75-85 пайызды түзүүдө.

Ат жалындагы маек

– Абдилазиз Амирович, шаарда таза суу маселеси оор бойдон калып жатканы жашыруун эмес. Учурда эмне жумуш бүтүрдүңүздөр мына ошолорго токтолсоңуз?
– Суу көйгөйүн чечүү оңой-олтонго турбай жатканын менин жеке пикиримде жалпы шаардыктар жакшы билет. Чынын айтканда күн-түн дебей эл кызматын аркалап келебиз. Жакында эле Кара-Козу айылынын калкын таза суу менен камсыз кылуу максатында, Келинбасты участкасына узундугу 675 метр d=325 суу куурларын орноттук. Андан сырткары Ак-Булак айылында таза суу менен камсыз кылуу үчүн Ирадан көчөсүнө 800 метр аралыктагы таза суу чыгарылып пайдаланууга берилди. Орто Кыштак көчөсүндө 975 метр, Ж. Маматов көчөсүнө 200 метр траншея казылып суу куурлары жаткызылды.
Кылган ишибиздин жыйынтыгы катары суу чорголорунан суу чыгып элди кубандырганы болду. Эми ошол ар бир жүз метр аралыкка коюлган чорголорду сындырып бузбай, пайдаланышса деген тилек. Айылдын башынан аягына чейин 10 чорго коюлду.
-Өткөн жылда шаардагы көчөлөрдүн бир тобуна суу чыгарганыңыздар эсте. Бирок ошого карабай ичилүүчү таза сууларды суугат суу катары пайдалангандардын эсебинен таза суу көйгөйүнөн арылбай жаткандай туюлат.
– Туура баамдагансыз, Кулатов көчөсүндө жаңыдан эгилген көчөттөрдү сугат суу менен камсыз кылуу максатында “Тешик-Арык” каналына насос орнотулуп, 158 м суу куурлары курулуп суу чыгарылды. Чехов көчөсүндө 224 м. сугат суу куурлары жаңыланды.
Өткөн жылы Киров көчөсүндө жана Нигматулина көчөлөрүндө эскилиги жеткен 310 пм, Северная жана Техникумская көчөлөрүндө 270 пм. Исфайрам сайынан келүүчү Боз-1, Боз-2 участкаларында 60 пм суу куурлары алмаштырылды. Ак-Булак айылынын Ирадан Механизаторская көчөлөрнө 525 пм жаңы суу куурлары тартылды.
-Ушул жылдын 10 айынын ичинде аткарылган иштер боюнча сөз кылсаңыз?
-2013-жылдын 10 айында аткарылган иштер арбын, атап айтканда: көп жылдардан бери Исфайрам сайдагы суу топтоп айдоочу 4 насосту жаңыладык. Андан сырткары Чавай айылынын жанындагы тосмого 35.04 миң кв. трансформатор коюлду. Шаар эли эми кыш, жаз, жай, күзгө карабай жарык өчсө да суудан кем болушпайт.
-Ыплас суунун тазаланышы тууралуу сөз учугун уласаңыз?
-Мурда биз техникалык түрдө гана сууну тазалап келгенбиз. Учурда сууну кайнатып тазалоого өттүк. Анткени, Экология министрлиги, шаардык мэрия жана шаардык Кеңеш тарабынан зор көмөк көрсөтүлүп жаңы технологияга жетиштик. Тактап айтканда Экология министрлиги 712 миң сом, шаардык бюджеттен 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ыплас сууну кайра иштетүүнүн жаңы жолуна түштүк.
Учурда ыплас сууларды тазалоо бөлүмүндө 14 адам күн-түн 2 мөөнөттө иштеп жатышат.
-Жаңы-жылдагы жаңы максаттар жөнүндө ой бөлүшсөңүз?
-2014-жылга көптөгөн иш-пландарды пландаштыруудабыз. Аны аткарганда айтканыбыз оң болор. Ошентсе да Машзавод, Восток-2, Техникумский жаңы конуштарына суу куурларын жаткырып, суу чыгарып, элди кубандырсак деген тилек бар.
-Инвесторлор менен иштөөнү жолго коюп калгандайсыздар.
-Чет өлкөлүктөр менен иштөөнү кыйла жолго койдук. Учурда АРИС, Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблиясы жана Өкмөттүк проектер менен иштеп жатабыз. Ийгиликтер жаман эмес.
-Бүгүнкү күндөгү эң башкы проблема жөнүндө айта кетсеңиз?
-Башкы проблема эле суу куурларынын эскилиги жетип, жарылып жатканы. Убактыбыздын көпчүлүгүн жарылган суу куурларын жамап-жаскоо менен өткөрүп жатабыз. Шаар ичиндеги жана сырттындагы куурларды жаңылап алганда проблема азаят беле…

Ийгилик иш менен бекемделип

Туура, «Кызыл-Кыя Сууканал» муниципалдык мекемесинин эң негизги проблемаларынын бири суу куурларын оңдоого кеткен убактысы. Суу куурлардын көпчүлүк бөлүгү атам замандан бери турган чиринди куурлар экендигин эч ким тана албас. Ошого карабай түмөн түйшүктү аркалаган бул ишкананын жумушчулары бар күч-аракеттери менен күн-түн, ысык-суук дебей эл кызматын аркалап келе жаткандыгы айныгыс чындык.
Ийгилик иш эмгек менен бекемделип, жаңы-жыл арапасындагы аларга айтылуучу алкоо сөз элде экендигин баса белгилегибиз келет.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген