КООМ

Ички аскерлеринин майрамы белгиленди

Кызыл-Кыя шаарындагы 703-аскер бөлүгүнүн 4-өздүк ротасында, 24-август күнү Ички Аскерлердин 72-жылдык күнүнө карата  кесиптик майрамы белгиленди. Ага Кызыл-Кыя шаарынын 1- вице-мэри Мурат Ураимов, вице-мэр Жалалидин Рахматулаев жана шаардык Кеңештин депутаттары, шаардагы ишкананын жетекчилери катышышты.

Сүрөт автордуку

Бардык сүрөттөр →

703-аскер бөлүгүнүн башчысы Уланбек Темирзаков жоокерлерди куттуктап сөз сүйлөп, андан кийин Кызыл-Кыя шаарынын 1- вице-мэри Мурат Ураимов сөз ыйгарды.  Ал өз сөзүндө өтүп жаткан кесиптик майрамдын жоопкерчилигин,  Ата Мекен болгон ыйык сүйүүнү жана жаштарды патироттук духта тарбиялоого болгон күч-аракеттер жөнүндө кеңири сүйлөп, мэрия тарабынан берилген «Ардак грамоталарды» тапшырды.

Андан кийин сөзгө чыгышкан ӨКМ башчысы подполковник Э.Т. Шатманов, Кызыл-Кыя шаардык кеңештин депутаты А. Ажиминаров, шаардык ИИБ башчысынын орун басары подполковник Б.Б. Даткаев, ИИБнин тескөөчүсү лейтенат Э.Т. Тагаев, Ички Аскерлердин ардагерлер кеңешинин төрагасы прапорщик Ж. Г. Эшанкулов мырзалар куттуктоо сөзүн сүйлөштү.

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы тарабынан 5 аскер кызматкерине «Ардак грамота», шаардык ШИИБнын башчысынын буйругу менен 5 аскер кызматкерине 200 сомдон акчалай сыйлык жана Ички аскерлер кол башчысынын буйругу менен 5 аскер кызматкери 1-2-даражадагы «Айбат» төш белгиси менен сыйланышты. Булардын катарында Кызыл-Кыя шаарынын мэри Абиш Халмурзаев да «Ардак грамота» менен сыйланды.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу