МЕДИЦИНА

Бекер текшерүүдөн өтүштү

Кызыл-Кыя шаарында 5 миңден ашык аялдар атайын (КУЗ) текшерүүдөн өттү-деп билдирди КУЗ кабинетинин башчысы Шайра Махмудова айым.  
Шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлердин баарын камтыган бул иш-чарада төрөткө чейин жана төрөттөн кийинки аялдардын ден соолугун текшерүү башкы милдет болгон. Текшерүүнүн жыйынтыгы билдиргендей 5615 аялдын ичинен 753 аял гинекология, стоматология, невропатология, окулистик, онкология оорулары менен оорушары дайын болгон.

Абдыкаримов Сабырали, «Мезгил жарчысы» гезити

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген