КООМ

Пресс-релиз «Баткен облусунда теле-дeбат»

Акыркы учурларда Кыргызстан жаштарынын арасында болуп жаткан жумушсуздук кѳйгѳйлѳрүн чечүү максатында «Youth of Osh» коомдук бирикмеси, активдуу жаштардын демилгесин колдоп, биргеликте ишке ашырууда. Бул теле-дебат долбоору «Жаштар талкуулайт» деп аталып, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын студенти  Мааткалыков Зарылбектин демилгеси менен, «Сорос Кыргызстан» фонду тарабынан каржыланды.

Аталган долбоор негизинде дебат эрежелери боюнча Бишкек шаарынан келген дебаттар боюнча тажрыйбалуу тренер коштоосунда, катышуучуларга (шаардын жаштарынан турган) тренинг(окутуу) ѳткѳрүлүп. Тренинг ѳтүп болгон сон,  катышуучулардын арасында дебат уюштурулуп, дебаттын тасмасын жергиликтүү телеканал ЮТСтен, чагылдырылышы тийиш.

«Жаштар талкуулайт» теле-дебаты региондогу кѳйгѳйлүү (чек ара,таза суу) маселелери жана мамлекеттик денгээлдеги маселелерди камтыйт.

Долбоордун максаты:

  • Жаштарды коомдук иштерге активдештирүү
  • Катышуучуларды билим денгээлин жогорулатып, ѳз алдынча ой жүгүрткѳн, ѳз ойунда туруп принципте ошол ойду так жеткире билген жаштарды түзүү.
  • Кайсы публикада болбосун оратордук мунѳзгѳ ээ болгон, команда менен иштей билгенге активдүү жаштарды тузүү.

Талкуунун жыйынтыгында калыстар тобу мыкты команданы аныкташып, жеңүүчулѳрдү баалуу белектер күтѳт.

Долбоорго катышууга каалоочулар болсо, тѳмѳндѳгү дарекке резюмеңиздерди жиберсеңиздер болот.

Долбоор ишке ашырылуучу жер: Баткен областы, Кызыл-Кыя шаары.
Долбоордун мѳѳнѳтү: 01.07-28.07.2013ж.
Долбоордун координатору: Зарылбек Мааткалыков

Телефон: 0777169499.

Эл.катчы: ziko1990@mail.ru, ziko2407@gmail.ru

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу