МАДАНИЯТ

Кыргыз-өзбек биргелешкен “Делбирим”тасмасы тартылып жатат

Өзбекстандын Наманган облусундагы Говажана Нанай айылдарында Ч. Айтматовдун чыгармасы боюнча “Делбирим” тасмасы тартылып жатат. Бул тууралуу фильмдин кыргыз тараптан продюсери Паризат Жакыпбекова өзүнүн инстаграм баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, мындан кийинки тартуу иштери Ташкент облусунда жанаКыргызстанда –Ысык-Көл облусунда уланат. “Адаттагыдай эле, этап менен тартып жатабыз. Баары пландагандай өтүүдө.Биздин эки актриса тең жакшы ойнойт. Режиссер алардын ойногонуна ыраазы”,- дейтЖакыпбекова.

Башкы каармандар Ильяс менен Байтемирдиөзбек актерлору Адиз Раджабов менен Улукбек Кадыров, ал эми Асель мененКадичанын ролун кыргыз актрисалары Мадина Талипбек жана Элина Абай кызыаткарат.

Билдирүүдө айтылгандай, тасманын сюжети повесттин негизинде болот, бирок каармандардын жашоосу биздин күндөрдө өтөт. Сценарийдинавтору кыргыз драматургу Керез Зарлыкова, ал эми режиссерлук милдетти өзбек тараптан Сарвар Каримов аткарып жатат. Фильм дин бет ачары улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүндө-12-декабрда болот.

Кызматташуу боюнча демилгени кыргызтарап көтөргөн. Ал эми өзбек тарап жооп катары “Делбирим” тасмасын тартуунусунуштаган. Кыргыз актерлоруна гонорарды “Дан” продюсердик борбору, өзбектарапка “Узбеккино” төлөп берет. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзияев даөзүнун колдоосун көрсөтүп жатат.

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген

Дагы карап көрүңүз
Жабуу